Аймак

ЭЛ АРАЛЫК БАҢГИ ТОБУНУН МҮЧӨСҮ 15 КГ БАҢГИЗАТ МЕНЕН КАРМАЛДЫ

ЭЛ АРАЛЫК БАҢГИ ТОБУНУН МҮЧӨСҮ 15 КГ БАҢГИЗАТ МЕНЕН КАРМАЛДЫ

 396 Бардыгы /

Укмк Эл аралык баңги тобунун мүчөсү 15 кг баңгизат менен кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан багыты боюнча эл аралык баңги каналын уюштурган уюшкан кылмыштуу баңги тобунун ишмердүүлүгүн аныкталып, кармалды.

Тактап айтканда, 2024-жылдын 21-июлунда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында эл аралык баңги тобунун мүчөсү, чет мамлекеттин жараны Д.М. кармалып, андан жалпы салмагы 15 кг 0,054 граммды түзгөн (базар баасы 6 млн 500 миң сом) 15 брикет кара куурай чайыры (гашиш) алынган.


Тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча Д.М. баңгизат каражаттарын кийин сатуу максатында Өзбек Республикасынын Фергана облусуна өткөрүп берүү ниетин мойнуна алган.

Мындан улам, 2024-жылдын 22-июлунда Ош шаардык соту тарабынан Д.М.ны тергөө аяктаганга чейин, б.а. 2024-жылдын 16-сентябрына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды.


Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, башка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17