Аймак

НООКЕНДЕ ЖАРАНДЫК КОРГОНУУНУН АБАЛЫ БААЛАНДЫ

НООКЕНДЕ ЖАРАНДЫК КОРГОНУУНУН АБАЛЫ БААЛАНДЫ

 270 Бардыгы /

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунунда Жарандык коргонуу кызматтарынын өзгөчө кырдаал катталган учурдагы аракеттери бааланганын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, анда Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан комиссия курамы түзүлүп, 30-31-июль күндөр район аймагындагы Жарандык коргонуу кызматтарын күч жана каражаттарын тартуу менен өзгөчө кырдаалдар катталган учурда жергиликтүү бийликтин өз ара аракеттери, сапаттуу иш жүгүртүүлөрү көзөмөлгө алынып, кемчиликтерди толуктоо жана өзгөртүү талаптары коюлду.

Мындан сырткары райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын өзгөчө кырдаал катталаганда аткаруучу жумуштары тууралуу маалыматтар берилди.

Аталган иш-чара облустук Жарандык коргонуунун планына ылайык өткөрүлдү.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17