Аймак

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНЫН 94 ПАЙЫЗЫ ДЭЭРЛИК ТАКТАЛДЫ. ЭМИ ТАТААЛ АЙМАКТАР ГАНА КАЛДЫ

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНЫН  94 ПАЙЫЗЫ ДЭЭРЛИК ТАКТАЛДЫ. ЭМИ ТАТААЛ АЙМАКТАР ГАНА КАЛДЫ

 174 Бардыгы /

Кыргыз-Тажик чек арасынын 94 пайызы дээрлик такталгандыгын эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү акыры шардана кылышты. Ал эми калган 6 пайызы – эң татаал, бир нече жолку чек ара чырына себеп болгон гана аймактар. Булар негизинен Тажикстандын Ворух анклавынын жана Кыргызстандын Ак-Сай, Көк-Таш айылдарынын айланасына гана туш келүүдө.

Ушундан улам эки өлкө чек ара боюнча качан бир пикирге келээрин эч ким дагыле так айта албайт. Ошентип, акыркы сааттарда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети Кыргыз-Тажик чек арасынын 94 пайызы тилкеси такталгандыгын ырастады. Кыргыз Өкмөтүнүн мамлекеттик чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаевдин айтымында, чечиле элек 6 пайыз тилке – Баткен районунун аймагындагы «эң татаал жерлер». Кыргыз-Тажик чек арасын тактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк жумушчу тобунун кийинки жолугушуусу ушул жылдын 11-17-августундаа Баткен шаарында өтө тургандыгы айтылды.

– Ооба. Чек аранын 94 пайызы чечилгендиги боюнча маалымат туптуура! Ал эми калган 6 пайызы – Баткен районунун аймагындагы ашкере татаал гана тилкелер. Алардын аталышын айта дагы биз албайбыз. Бирок, кайсыл жерлер экендигин жакшы билесиңер. Бул эми курулуш эмес да. Ушунча убакытта бүтөт деп айта албайбыз. Эки тарап макул болмоюнча, мааселе таптакыр бир жаңсыл чечилбейт. Алардын, коңшулардын деле чечели деген ниети бар. Бирок иш жүзүндө кичине башкача болуп калып жатпайбы. Негизи эки тараптан тең аракет жакшы! – деп агынан жарылды Кыргыз Өкмөтүнүн чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев.

Айтмакчы, али тактала элек делген 6 пайызы жер Тажикстандын Ворух анклавынын, ага ирегелеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын, ошондой эле Тажикстан жарандарынын үйлөрү шахмат түрүндө чиеленишип гана жайланышкан. Маселен, Баткендин Көк-Таш жана Таш-Тумшук кыштактары Тажик жарандарынын үйлөрүнүн курчоосундагы Көк-Терек айылдарынын тегерегине туш келет. Бул аймакта Кыргызстан дагы, Тажикстан дагы өзүнүкү деп эсептеген тилкелер бар.

Эки өлкөнүн жумушчу тобу бул аймак боюнча кандай мунасага келе тургандыгын, аны жергиликтүү калк кандай кабыл алаарын азырынча так кесе айтуу кыйын!

Алишер ТОКСОНБАЕВ өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17