Аймак

Улукбек ДЖЕЕНБАЕВ: “РЕФОРМА – МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ!”

Улукбек ДЖЕЕНБАЕВ: “РЕФОРМА – МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ!”

 741 Бардыгы /

Президент Садыр Жапаров соңку тапта жүргүзүп жаткан Административдик-Аймактык реформага ылайык, Ош облусунун Өзгөн районундагы Жазы, Заргер айыл өкмөттөрү жана дагы Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тоо, Ак-Кыя, Доңуз-Тоо кыштактары бириктирилип, жалпысынан Жазы айыл өкмөтү деп аталды. Мунун себебин жана аймактын ушул таптагы ал-акыбалын жаңыдан уюшулган Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек ДЖЕЕНБАЕВден кенен-чонон сураштырдык.

Улукбек мырза, президент Садыр Жапаровдун Аймактык-Административдик реформасына ылайык Сиз Өзгөн районундагы Жылалды айыл өкмөтүнүн башчылыгынан жаңыдан уюшулган Жазы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине акыры которулдуңуз. Дегиңкиси бүгүнкү кыйчалыш заманда мунун зарылчылыгы бар беле?

Албетте! Зарыл эле. Аймактык-Административдик реформа – бул бүгүнкү күндүн эч кечиктирилгис жана дагы башкы талабы! Периздентибиз Садыр Жапаров муну илгиртпестен аңдап, анан дагы ыкчам жана ырааттуу кадамдарды жасап жатпайбы. Чындыгында, мындан башка жол жок. Ар нерсени айтып, элдин башын айлантпастан, бул реформаны биз толук кандуу колдоого гана милдеткербиз!

Ошентип, Сиз деле Жазы айыл өкмөтүндө кашайып жаңы команда курбадыңызбы? Же эски команда – мурунку кызматкерлер менен эле ийиндеше иштешип жатасызбы? 

Айып этпеңиз? Менин мындай ууручулдук жана дагы тааныш-билишчилик жаман адатым жок! Такшалган жана ага жараша иштин көзүн билген гана эски команда менен эле моминтип ийиндеше иштешип жатамын. 

Демек, анда салык жыйноо жагынан деле кыйналбайт экенсиз да?

Ооба! Ушул кезге дейре салык жыйноону айыл өкмөтүбүздө 20 миллион 689,7 миң сомго мерчемдесек, 1 миллион 453,6 миң сом ашыкча жыйнадык. Мындайча айтканда, планыбызды 107 пайызга аткардык. Мунун жашырчуу деле сыры жок! Айыл башчылары, айыл өкмөтүбүздүн аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле айыл өкмөтүбүздүн кирешелер жаатындагы адистери адегенде салыктан ири карызы бар жергиликтүү ишкерлерди тегиз аныктап-такташтырдык. 

Андан ары өз ара топторго бөлүнүп аларды үймө- үй дагы кыдырдык. Салык төлөөнү кечеңдетпөөнүн чоо-жайын кенен түшүндүрдүк. 

“Салык карыз эмес – парыз!” экендигине бекем ынандырдык. Баса, биздин мындай заманбап аракетибиз үзүрүн гана берип жаткан чагы. Ошондуктан, дагыле ырааттуу түрдө улантып келатабыз.

Айтмакчы, аймакка инвесторлорду тартып, турмуш- шартыңыздарды бара-бара оңдоо аракетиңиздер дегеле байкалбайт ко?

Жаңылышасыз! Жергиликтүү бюджеттен жана Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунан 1 милион сом бөлдүрүп, Кара-Дарыя айлында Калкты тейлөө борборун курдуртуп жатабыз. Бул обьект тикеленсе, элибиздин документ жаатындагы суроо-талабы толук кандуу жүзөгө ашырылат. Ушуга улай “CASA-1000” долбоору 3 миллион 320 миң сомго каржылап, ушул эле айылга балдар ойноочу аянтча тикеленип атат. Мындан тышкары Дүйнөлүк “АСАФА” коому Кара-Дыйканга 2 миллион сом коротуп, заманбап мечит салып, аны дагы пайдаланууга тапшырды. 

Аталган коом ошондой эле “Жергиликтүү жамааттарды колдоо” долбоорунун алкагында Жазы айылына 5 961 152 сомдук ФАП (фельдшердик-акушердик пункт) куруп атат. Айтылуу Ак-Терек   каналы катарынан казылып-тазаланып, 126 гектар жер аянты сугат суу менен толук кандуу камсыз этилди. Мындай биздин аймагыбыздын тарыхыбызда дегеле болгон эмес! 

Жеке демөөрчүлөрдөн деле куру эместирсиздер?

Ананчы! Жердешибиз Элдияр Байрымзаев абдан кедей жашагандыктан, турак жайга чындап зар эле. Кызыл-Тоо орто мектебин 35 жыл мурда аяктагандар чогулуп, бул классташына 1 миллион 500  миң сомдук заманбап үй салып, бекер гана энчилешти. №52-А. Абдыкеримов атындагы орто мектебин 1987-жылы бүтүргондөр агартуу журтуна 20 миң сомдук музыкалык жабдык – колонка тартуулашты. Жээренчи айылын аралап аккан Атамкул каналына жергиликтүү жарандар  1 миллон 500 миң сом чогултушуп, чоң көпүрө салышты. 

Ак-Кыя айылында Абыке каналы катарынан казылып, муну үчүн жалпысынан 160 миң сомдук иш аткарылды. Кудайга шүгүр, дал ушинтип ак-кыялыктар таза суу ичишип, жыргап эле калышпадыбы. 

Улукбек мырза, жашырып не. Жазы өрөөнү өтө опурталдуу тилкеде гана жайланышкан. Андыктан, бул чөлкөмдө жаратылыш кырсыктары дагы өтө эле көп катталат. Ошол себептүү Кыргыз Республикасынын “Турак жайды өрттөн жана кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө ” мыйзамы деги ушал тапта кандайча аткарылып жатат?

Кыргыз Өкмөтүнүн  2016-жылдын 27-декабрындагы №700-токтомунун негизинде жана дагы  Кыргыз Республикасынын “Турак жайды өрттөн жана кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамына ылайык ар бир үй-бүлөө ээси, мындайча атканда, кожоюну өз турак жайын мамлекет тарабынан милдеттүү түрдө камсыздандырууга тийиш! Бул өңүттө Айыл өкмөтүбүздүн кызматкерлери тарабынан жер-жерлерде түшүндүрүү жана ынандыруу жараянын абдан активдештирдик.

Биздин планыбызда азырынча 1064 турак жай бар. Ушул күнгө карата булардын 535и мамлекет тарабынан толук кандуу камсыздандырылды. Демек, мерчемдеген планыбыз 51 пайызга аткарылды десем жаңылышпаймын. Бирок, жыл акырына дейре булардын баарын тең толук кандуу камсыздандырып бүтөбүз го деген терең  үмүтүбүз дагы бар.

Ош облусунун Өзгөн  районундагы Жазы айыл өкмөтү 14 кыштактан куралган. Аймакты 6320 кожолук, 36 245 киши байырлайт. 13 орто мектеп, жалгыз башталгыч мектеп, 7 мамлекеттик жана 3 менчик бала бакча, 3 үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобу, жападан жалгыз неврологиялык оорукана, 11 ФАП, бир музыкалык мектеп, 4 айылдык маданият үйү, 3 айылдык китепкана жана жалгыз балдар китепканасы жергиликтүү калкка такай гана кызмат көрсөтүп келатат.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17