Аймак

ЛАЗАТ НУРКОЖОЕВАНЫН ЖИГИТИ АФТАНДИЛ САБЫРБЕКОВДУН АБАКТАГЫ МӨӨНӨТҮ ЭКИ АЙГА УЗАРТЫЛДЫ

ЛАЗАТ НУРКОЖОЕВАНЫН ЖИГИТИ АФТАНДИЛ САБЫРБЕКОВДУН АБАКТАГЫ МӨӨНӨТҮ ЭКИ АЙГА УЗАРТЫЛДЫ

 246 Бардыгы /

Президенттин карындашы Лазат Нуркожоеванын жигити Афтандил Сабырбековдун камактагы мөөнөтү 3-октябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Биринчи май райондук соту 30-июлда Афтандил Сабырбеков менен анын бир тууганы Тариэл Сабырбековдун бөгөт чарасын карап, соттун токтому менен алардын абактагы мөөнөтүн эки айга узартты.

Белгилей кетсек, 9-июлда Афтандил Сабырбеков Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен айыпталып, кармалганы тууралуу маалымат тараган.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 10-июлда кармалганы тууралуу маалыматты тастыктап, комментарий берген.

Анда Алагөзов “жигиттин башкы максаты өзүнүн мыйзамсыз иш аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табуу болгону ачыкталды деп божомолдоого толук негиз бар. Баса белгилей кетсем, Президент Садыр Жапаров ким болбосун мыйзамсыз иш аракеттерди жаап-жашырып, калкалоого албайт. Эми мурдагы жигиттин жана анын шериктеринин мыйзамсыз иш аракеттеринин чоо-жайы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталат”, деп билдирген.

Биринчи май райондук соту Сабырбеков
3-августка чейин тергөө абагына камакка алынганын жарыялаган.

Эске салсак, Лазат Нуркожоевага жигити 24-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ижарага алынган тик учагы менен келип, кыздын колун сураган видеосу интернет желесине тараган.

Анда коомчулук окуяны ысырапкорчулук катары баалап, түрдүү пикирлерди жазышкан.

Мындан улам, президент Садыр Жапаров 26-июнда карындашы Лазат Нуркожоеванын социалдык тармактарда тараган видеосу боюнча элден кечирим сураган.

Лазат Нуркожоева 2020-жылы Кыргызстанда сулуулар сынагын жеңип алган. Ал өлкө башка Садыр Жапаровдун инисинин кызы.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17