Аймак

ОНЛАЙНДА КЕЗЕККЕ ТУРУШАТ

ОНЛАЙНДА КЕЗЕККЕ ТУРУШАТ

 327 Бардыгы /

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда деле жарандар Түндүк системасы аркылуу паспорт алуу максатында онлайн форматында кезекке турушат. Бул туурасында Кара-Суу райондук калкты тейлөө кызматынын жетекчиси Каныбек ЧОРОЕВ кабарчыбызга билдирди.

– Адаттагыдай бизден шек санаганыңыздар бекер. Тармагыбыз санариптештирилгенден тартып, көңүлүбүзгө көк таштай тийген коррупция жана тааны-билиш балакетинен биротоло кутулдук! – деп агынан жарылды Кара-Суу райондук калкты тейлъъ кызматынын жетекчиси Каныбек ЧОРОЕВ.

 – Паспорт алуу үчүн үйүндө олтурушуп эле электрондук фоматта Арыз жазып жөнөтүшөт. Алар тынбай сураган туулгандыгы туурасындагы күбөлүк жана никелешүү күбөлүгүн дагы мындан ары интернет аркылуу эле таратылат.

Баса, Кара-Суу райондук калкты тейлөө кызматынын жетекчиси Каныбек ЧОРОЕВ бул кызматка жакында эле дайындалып олтурат. Буга дейре Калкты тейөө кызматынын Бишкек шаарындагы борбордук аппаратында иштеген. Ал эми Кара-Суу райондук калкты тейлъъ кызматынын мурунку жетекчиси Рапия Турганбаева коррупциялык жорук-жосундары үчүн УКМК тарабынан кармалып, абакка камалды.  

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы 

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17