Аймак

ӨЗГӨНДӨ МЕКТЕПТЕРДИН МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗАСЫ ЗАМАНБАП ЖАҢЫЛАНУУДА

ӨЗГӨНДӨ МЕКТЕПТЕРДИН МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗАСЫ ЗАМАНБАП ЖАҢЫЛАНУУДА

 159 Бардыгы /

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда 2021-2022-окуу жылында 3-4 мектеп гана электрондук күбөлүк урунушса, мунун саны ушул тапта 75ти чапчыды. Бул туурасында Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш АСАНБАЕВ маалымдады.

– Мектептерде. Албетте, 1030 гана компьютерибиз бар эле. Булардын санын аракет кылып атып заман талабына жараша 2121ге жеткирдик. – деп кепке кошулду  Акуш АСАНБАЕВ. 

– Мурун районубузга 32 мектепте гана видеокөзөмөл орнотулса, а быйыл бул жабдыктын санын 79 мектепке дейре жеткирдик. 

Эң башкысы: акыркы эки  жыл аралыгында Өзгөн районундагы 31 мектепке көмөкчү чарба үчүн 44,8 гектар жер ажыратылды. Бул аянттарды иштетүүдөн табылган киреше башталгыч класттардын ысык тамагын үзгүлтүксүз уюштурууга көмөк гана көрсөтүп келатат. 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы 

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17