Аймак

ТОКМОК ШААРЫНЫН 1-КИЧИ РАЙОНУНДА МИЛИЦИЯНЫН БӨЛҮМЧӨСҮ ИШКЕ БЕРИЛДИ

ТОКМОК ШААРЫНЫН 1-КИЧИ РАЙОНУНДА МИЛИЦИЯНЫН БӨЛҮМЧӨСҮ ИШКЕ БЕРИЛДИ

 105 Бардыгы /

Быйылкы жылдын 19-августунда Токмок шаарынын 1-кичи районунда шаардык милиция бөлүмчөсүнүн ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин
биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, Чүй
ОИИББнын башчысы милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов, Токмок
шаарынын мэри Максат Нусувалиев, Токмок ШИИБдин жетекчилиги жана өздүк
курамы катышышты.
Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жаңы
салынган шаардык милиция бөлүмчөсү жергиликтүү калк үчүн ишенимдүү
таяныч болорун белгилеп, анда иштеген кызматкерлерге өз ишинде так жана
жоопкерчиликтүү болууга чакырып, иштерине ийгиликтерди каалады.
Учурда бул шаардык милиция бөлүмчөсүнө 16 кызматкер бекитилип, жалпы
саны 29 миңден ашык калкы бар 1-3-кичи районду тейлемекчи.
Эске салсак, Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата аймактарда ар
кандай иш-чаралар байма-бай уюштурулуп, облус менен райондордо
милициянын бир катар имараттары жаңыланууда.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17