Аймак

НООКАТТА ПРОКУРОР ИШКЕРДЕН ТӨРТ МИҢ ДОЛЛАР ПАРА ТАЛАП КЫЛУУГА ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ

НООКАТТА ПРОКУРОР ИШКЕРДЕН ТӨРТ МИҢ ДОЛЛАР ПАРА ТАЛАП КЫЛУУГА ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ

 75 Бардыгы /

        Ош облусуна караштуу Ноокат районунун прокурорунун орун басары ишкерди, андан 4 миң доллар пара талап кылууга шектелип акыры кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Атайын кызматтын маалыматына караганда, Э.С.К. аттуу прокурордун орун басары кылмыш иши боюнча маселени оң чечкени максатында жеке ишкерден пара талап кылгандыгы баса белгиленген.

        УКМК Ноокат райондук прокуратурасы ишкерге карата Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинде (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоп, акыркы сааттарда тергөөнү уюштуруу үчүн Ноокат милициясына өткөрүп бергендигин билдирди. Анткени, Ноокат районунун прокурорунун орун басары Э.С.К. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, тергөө органдарына кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугуна көзөмөлдүк кылып, тергөөчүлөргө ар кандай кысым көрсөтүп, мыйзамдуу процессуалдык чечимдерди чыгарууга тоскоолдук жасаган. Ал эми ишкер мамлекетке келтирилген 121 миң сом өлчөмүндөгү зыяндын ордун толтурууга даяр болгон. Бирок, прокурордун орун басары ишкерди соттуулугу менен коркутуп-үркүтүп, бардык лицензиялык жана уруксат берүүчү документтерди кайтарып алуу менен жогорудагы сумманы такай опузалап талап кылган.

        Ошентип, ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Э.С.К.нын жеке унаасын жана дагы иш кабинетин тинтүү маалында  3500 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаты табылды. Шектүү дароо эле кармалып, Ош облусундагы тергөө абагына киргизилди. Шектүүнүн жакындарынан жана адвокатынан азырынча  комментарий алууга мүмкүн боло элек.

        Баса, атайын кызмат (УКМК) менчик ээсине, же башка тарапка келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу толтурган учурда, тийиштүү тарап мыйзамга ылайык жазык жоопкерчилигинен бошотулууга тийиш экендигин дагы ачыктады.

        Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17