Аймак

ОШТО КЫЗДЫ СӨККӨН ЖИГИТТЕР МИЛИЦИЯГА СУРАК БЕРИШТИ

ОШТО КЫЗДЫ СӨККӨН ЖИГИТТЕР МИЛИЦИЯГА СУРАК  БЕРИШТИ

 12 Бардыгы /

Социалдык тармактардагы кызга тийишип, а түгүл аны сөгүштү дешкен видеодогу жигиттер дароо Ош облусунун Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. Бул туурасында аталган милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 27-август күнү социалдык тармактардын биринде «Жанынан өтүп бараткан кызга, тийишип, сөгүп кетишкен» деген кыска видео тасма тараган.

Аталган факты Кара-Суу РИИБси тарабынан дароо каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган эле. Ыкчам жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш чараларынын натыйжасында окуя ушул жылдын 25-август күнү Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында орун алганы аныкталып, окуяга катыштыгы бар Өзгөн районунун 1993-жылы туулган У. уулу С. жана 1993-жылы туулган К. Э. аттуу тургундары тергөө кызматына жеткирилди.

Айыпталуучулар жабырлануучу кыз менен өз ара сөз талашып урушуп, аны уят сөздөр менен тилдеп жиберишип, бирок кийин кечирим сурашкандыгы аныкталды.

Аталган окуя боюнча Өзгөн районунун А. уулу Б., У.А., Т.С., У.Р., Т.У. жана К.Э. аттуу тургундары тергөө кызматына жеткирилип, буларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим дагы кабыл алынмакчы.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17