Аймак

САДЫР ЖАПАРОВ : ПРЕЗИДЕНТТИК АДМИНИСТРАЦИЯНЫН ИМАРАТЫ ЖАҢЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН АРХИТЕКТУРАЛЫК СИМВОЛУ БОЛУП, КУБАТТУУ КЫРГЫЗСТАНДЫНПАЙДА БОЛУШУНУН НЕГИЗГИ УЧУРЛАРЫН ЧАГЫЛДЫРАТ

САДЫР ЖАПАРОВ : ПРЕЗИДЕНТТИК АДМИНИСТРАЦИЯНЫН ИМАРАТЫ ЖАҢЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН АРХИТЕКТУРАЛЫК СИМВОЛУ БОЛУП, КУБАТТУУ КЫРГЫЗСТАНДЫНПАЙДА БОЛУШУНУН НЕГИЗГИ УЧУРЛАРЫН ЧАГЫЛДЫРАТ

 3 Бардыгы /

“Президенттик Администрациянын имараты жаңы Кыргызстандын архитектуралык символу болуп, кубаттуу Кыргызстандын пайда болушунун негизги учурларын чагылдырып, олуттуу өзгөрүүлөрдүн далили катары кызмат кылат”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын “Ынтымак Ордо” жаңы имаратынын ачылыш аземинде баса белгиледи.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:

“Урматтуу мекендештер,

бүгүнкү салтанаттуу иш-чаранын коноктору!

Кадырлуу кыргызстандыктар!

         Биз бүгүнкү салтанаттуу иш-чарага өлкөбүздүн эң маанилүү майрамдарынын бири – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн алдында чогулуп жатабыз.

         3000 жылдык бай жана улуу тарыхы бар өлкөдө жашап жатканыбызды ар бирибиз көкүрөгүбүздө сактап келебиз. Мамлекеттүүлүктү түптөө үчүн күрөштө оттун күлүнөн чыккан Феникс кушундай улам кайра жаралып, татаал жолду басып өткөндүгүбүзгө көөнө тарыхтын өзү күбө.

         Бүгүн чынында эле өзгөчө күндүн алдында турабыз. Бул -  тарыхый окуя. Анткени Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын «Ынтымак Ордо» деп аталган жаңы имараты ачылууда.

         Мындай объектинин ачылышы азыркы Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн жана эгемендүүлүгүнүн калыптанышындагы маанилүү этап болгон Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына дал келгени да бекеринен болбосо керек.

         Жаңы доордун көшөгөсүн ачып, эшигин аттаардан мурун, мунун баары кантип башталганын кыскача эске сала кетейин.

         Менин Президенттик кызматым башталгандан бери мамлекеттик башкаруунун жана өнүгүүнүн тартибин жаңылоо, өзгөртүү негизги милдеттеримдин бири болуп келе жатканы баарыңыздарга маалым.  

         Биздин команда жаңыдан иш баштаганда алдына бир катар өтө дымактуу милдеттерди коюп, элге бир топ убадалар берилди эле, мына эми ошолор четинен ишке ашырылууда.

     Тынымсыз эмгек, артка кайтпас чечкиндүүлүк, ички демибиздин күчү калың элдин ишенимин жана Мекенибизди өнүктүрүүгө болгон умтулууну ойготту.

   Кыргызстан бардык кыйынчылыктарга туруштук берип, өлкөнүн кыялдарын конкреттүү жетишкендиктерге, ийгиликтерге айландырды:

         – Биз экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга убада бергенбиз – иш жүзүндө биз болуп көрбөгөндөй өсүштү көрсөтүп жатабыз. Акыркы жылдарда ИДПнын (ички дүң продукциянын) орточо өсүү ыргагы 7%ды түздү. Ал эми 2024-жылдын жети айында ИДПнын реалдуу өсүү ыргагы 8,7% көрсөттү. «Кумтөрдүн» салымын эсепке албаганда, ИДП реалдуу түрдө 10,6%га өсүп, олуттуу өнүгүүнү көрсөттү.  Кыргызстандын экономикасы бекемделип, бир топ чыңдалды.

         – Биз өлкөнүн бюджетин көбөйтөбүз деп убада бердик – биз убадабызды аткардык жана өткөн жылдын аягында аны эки эсеге көбөйттүк.

         2020-жылдагы 247,7 миллиард сомдон быйыл 660 миллиард сомдон ашырып, муну менен бюджетти 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик дагы үч эсеге көбөйтүүнү камсыз кылууну пландадык.

         Бул жылдар аралыгында биз бюджет аркылуу өлкөнүн экономикасына кошумча 1 триллион ашуун  сом төктүк;

         – Биз эң аялуу маселени – өлкөнүн чек ара маселелерин чечүүгө убада бергенбиз – бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара маселеси толугу менен чечилди, ал эми Тажикстан Республикасы менен кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча аяктоо этабына келип, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

         – Биз коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшөбүз деп убада бергенбиз. Аларга каршы кандай аёосуз күрөш жүрүп жатканын баарыңыздар билесиздер жана бул иш улана берет.

         Мына ушул жерден мен заманыбыздын чыныгы баатыры Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке өзгөчө ыраазычылыгымды жана терең урматымды билдиргим келет. Анын чечкиндүүлүгү, берилгендиги жана кайраттуулугу, улуттук коопсуздуктун ишине чексиз аракети эң жогорку баага татыктуу.

Урматтуу мекендештер!

Биз заводдорду, фабрикаларды куруп, жумуш орундарын түзүүгө убада бергенбиз. Быйыл 100дөн ашык өнөр жай объектиси ишке киргизилет, анын 30дан ашыгын бүгүн эле ишке киргиздик;

– Камбар-Ата ГЭС-1 куруу долбооруна убада берип – ишке ашырууга кириштик, ага 500 миллион АКШ доллары каражатты таптык, азыр даярдык иштери жүрүп жатат: жолдор, көпүрөлөр, тоннелдер, көмөкчордондор жана жумушчулар үчүн убактылуу лагерь курулууда. Бул долбоорду ишке ашыруу өлкөнүн толук энергетикалык коопсуздугун камсыз кылат;

         – жолдорду курууга да убада бердик эле,  алар курулуп жатат, жолдор гана эмес, темир жана аба жолдору да курулууда.

Республиканын бардык 7 облусу аба байланышы менен камсыздалып, ошол эле учурда алыскы райондор, мисалы, Тогуз-Торо районун да авиациялык инфраструктура менен камсыздалды. Учактар сатылып алынды, алар жакында Кыргызстанга келип, жарандарыбызга кызматын көрсөтөт. Жакында дагы учак сатылып алынат.

          Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирүүчү Балыкчы-Макмал темир жолу курулуп жатат, бул үчүнчү өлкөнүн аймагы аркылуу каттоо машакатынан кутултат.

Анын 43 км курулуп бүттү, келерки жылы Балыкчы-Кочкор каттамы бүтөт.

         Эң негизгиси – биз Кыргызстандын көптөн берки кыялы болгон Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга киришип жатабыз.

         Биз мектептерди курабыз деп убада кылганбыз, жыл сайын жүздөгөн мектеп ачылып жатканын баары билет. Мурда бир мектептин ачылышы бүтүндөй өлкө үчүн чоң жетишкендик болсо, бүгүнкү күндө катардагы окуяга айланып баратат. Демек,  өлкөнүн талаптары бийиктеп, өсүү жолундагы стандарттары өзгөрдү.

          Биз эмгек акыны, пенсияны, жөлөк пулду көтөрөбүз деп убада бергенбиз – бул убадалар да аткарылды. 350 миңден ашуун бюджеттик кызматкердин маянасы жогорулады.

         Акыркы үч жылда пенсия 170%га өстү. Үстүбүздөгү жылдын июль айынан баштап 787 миңден ашуун пенсионердин пенсиясы жогорулады жана октябрь айынан баштап жашоо минимумунан төмөн пенсия алган бир дагы пенсионер калбайт;

        Биз жакырчылык менен күрөшүүгө убада бердик жана “социалдык контракттардын” системасын иштеп чыктык. Эки жыл мурун үймө-үй кыдырып изилдөө жүргүзүлүп, 111 миңге жакын жакыр үй-бүлөнү аныктасак,  азыр алардын саны  81 миңге азайган; Бул аралыкта 13 миңге жакын үй-бүлө социалдык келишим менен камсыз болгон. Ушул жылы дагы 23 000 үй-бүлөгө колдоо  көрсөтөбүз.

         Биз жеткиликтүү ипотеканы берүүгө убада кылганбыз, бүгүнкү күндө республика боюнча активдүү долбоорлоо жана куруу стадиясында 415 үй бар, башкача айтканда 20 759 батир курулат. Быйыл 5000 жакын үй-бүлө турак-жай алат. Бул саамалык узак жолдун башталышы гана десек болот.

         Ошол эле учурда элибиздин башка көйгөйлөрүнө сергек баа берүүнү жана чечүүнү улантуу зарыл. Маселен,  ирригация, таза суу менен камсыз кылуу жана балдарды бала бакча менен камсыз кылуу маселелери. Бул маселелер акырындап чечилиши керек. 

   Албетте, элге берген убадабызды орундатуу үчүн күнү-түнү талыкпай эмгектене беребиз. 

Урматтуу кыргызстандыктар!

  Президенттик Администрациянын имараты жаңы Кыргызстандын архитектуралык символу болуп, кубаттуу Кыргызстандын пайда болушунун негизги учурларын чагылдырып, олуттуу өзгөрүүлөрдүн далили катары кызмат кылат.

      “Ынтымак Ордо” – бул жөн гана административдик имарат эмес, бул биздин чечкиндүүлүгүбүздүн, биримдикке, гүлдөп-өнүгүүгө болгон эркибиздин далили.

      “Ынтымак Ордо”  аталышы терең мааниге ээ. Бүткүл жамаат жана коомчулук өлкөнүн келечектеги тагдырын сүрөттөгөн так атоону издеп жатканда кызуу талкуулар болду. Кандай атасаң, жол ошондой болот, башы кандай башталса, жыйынтыгы да ошондой болот. Элдин, өлкөнүн бакубаттуулугу – биздин негизги максатыбыз.

    “Ынтымак” – “тынчтык, достук жана биримдик” дегенди билдирет, бул биздин негизги принципти – улутуна жана динине карабастан элдин биримдиги менен ынтымагын каммыздоону чагылдырат. Өз ара колдоо көрсөтүү, түшүнүшүү жана өз ара жардам болмоюнча албан милдеттерди чечип,  максатка жетүү мүмкүн эмес.

   Ал эми “Ордо” – өлкөнүн келечек жолун аныктоочу стратегиялык маанидеги чечимдер жаралып, ишке ашырылуучу жери, борбору.

Урматтуу мекендештер!

       Президенттик Администрациянын жаңы имаратынын курулушу буйруса аяктады. Мунун артында көптөгөн адамдардын эбегейсиз эмгеги, маңдай тери жатат. Ал эми курулуштун башынан аягына чейин алып барган ынтымактуу жана бирдиктүү жамаат эмгектенүүнүн өзгөчө үлгүсүн көрсөтүштү.

  Курулуштун жүрүшүн мен өзүм көзөмөлдөп, анын жүрүшүн такай текшерип турдум.

         Бул объекттин ар бир деталынын өз тарыхы бар, биз ар бир деталга терең маанини камтууга аракет кылдык. Бул үчүн тарыхчыларды, кол өнөрчүлөрдү, маданият ишмерлерин жана салттуу баалуулуктарды алып жүрүүчүлөрдүн да кызматын пайдаландык. Бул долбоор архитекторлордун жана дизайнерлердин, ошондой эле күнү-түнү баш көтөрбөй иштеген  инженерлер менен куруучулардын оор жана түйшүктүү эмгегинин натыйжасы болду.

         Мындан сырткары курулуштун бардык процессин координациялаган жана көзөмөлдөгөн, анын ар бир этабында өз убагында жана сапаттуу болушун камсыз кылган тиешелүү кызматкерлер да чоң роль ойноду.

        Алардын уюшкандыгы, жоопкерчилиги жана кесипкөйлүгү болбосо, бул долбоор ийгиликтүү аяктамак эмес.

         Мына ушул жерден Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Жапаров Акылбек Үсөнбековичке өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет.

Сиздин бай тажрыйбаңыз, иш билгилигиңиз жана талыкпас демиңиз бул ири долбоордун ийгиликтүү аякташына негиз болду.

       Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Туманбаев Каныбек Тургунбековичтин зор эмгегин белгилеп кетүү да зарыл.

         Бул долбоорду ишке ашырууда сиздердин уюштуруучулук жөндөмүңүздөр жана  жоопкерчиликтүү мамиле чечүүчү ролду ойноду. Ушул курулушка катышкан ар бир кызматкериңиздин эмгекчилдиги жана тынымсыз мээнети аркасында курулуштун ар бир этабы өз убагында, так жана макулдашылган иретте өтүшүнө алып келди. 

Иш-чаранын урматтуу катышуучулары!

         Бул объектти бүтүрүү менен биздин иш бүтпөйт. Натыйжалуу башкаруу бардык мамлекеттик органдардын иши үчүн заманбап шарттарды талап кыларын түшүнөбүз.

  Ошондуктан бул долбоор биздин өлкөнүн административдик инфраструктурасын жакшыртуу боюнча масштабдуу пландын башталышы гана экенин сыймыктануу менен билдиргим келет.

        Жакында жаңы административдик шаарчанын курулушу башталат, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын бардык министрликтери жана ведомстволору бир жерге курулат. Бул шаарча эң соңку заманбап талаптарды жана стандарттарды эске алып, мамлекеттик органдардын эффективдүү иштеши үчүн бардык шарттары камтыйт.

         Мындай долбоорлор Кыргызстандын келечегине салынган инвестиция экенине бекем ишенебиз.

         Алдыда жасалчу  иштер арбын, бирок биз да кыйынчылыктардан апкаарып калбайбыз. Биз өлкө кызыкчылыгын жетекчиликке алып, алдыга умтулууга дайым даярбыз. 

Иш-чаранын урматтуу коноктору!

      “Ынтымак Ордо” мамлекетибиз үчүн гана эмес, эл аралык да чоң мааниге ээ. Анын Кыргызстан менен башка мамлекеттердин байланыштарынын чыңдалышына салым кошо турган ыйык жерге айланарына ишенем. Бул жерде мамлекеттик жана улуттук маанидеги иш-чаралар, ошондой эле, өлкө жарандарынын жыргалчылыгына багытталган маселелер байма-бай талкууланат.

Имаратыбызда башка мамлекеттердин жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, инвесторлор жана дипломаттар кабыл алынат. Алардын ар бири биздин өлкөнүн ишенимдүү түрдө өнүгүп, достук кызматташууга даярдыгын жана жаңы мүмкүнчүлүктөрүбүз бар экендигин көрө алышат.

Кыргызстан ишенимдүү өнөктөш гана болбостон, дүйнөлүк процесстердин активдүү катышуучусу болууга да даяр. Бул жерде Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк коомчулукка интеграцияланышына, башка мамлекеттер менен дипломатиялык жана экономикалык байланыштарыбызды чыңдоого салым кошо турган идеялар жаралат.

      “Ынтымак Ордо” Кыргызстандын кадыр-баркынын, улуттук сыймыгынын жана эгемендүүлүгүнүн  символу болот.

Президенттик Администрациянын жана Президенттин Иш башкармасынын урматтуу кызматкерлери!

         Бүгүн, ушул маанилүү учурда, сиздерге өзгөчө ыраазычылык менен кайрылам.

         Биз мамлекетибиздин тарыхынын жаңы барактарын жазып жатабыз жана мамлекетти чыңдоо процессинде сиздердин ар бириңиздер белгилүү ролду ойнойсуздар.

     Сиздердин күнүмдүк жана күжүрмөн эмгегиңиздер – бул жөн гана өз милдетиңиздерди аткаруу эмес, бул мекенге, элге, урпактарга кызмат кылуу. Ар бир адамдын кесипкөйлүгү, аракети жана жоопкерчилиги Кыргызстаныбыздын пайдубалын түзөт.

         Сиздер Кыргыз Республикасынын стабилдүүлүгүн жана өнүгүүсүн камсыз кылуучу, эң маанилүү чечимдерди ишке ашыруучу, аны демилгелөөчү жана өлкөнүн маанилүү пландарын ишке ашырууга көмөктөшүүчү күчсүңөр.

         Ар бириңиздер мамлекетибиздин өнүгүшүнө баа жеткис салым кошуп жатканыңыздарды унутпаңыздар. Сиздердин ишиңиздер чоң миссиянын бир бөлүгү болуп саналат, Кыргызстандын күчтөнүп, стабилдүү жана ийгиликтүү болуп бара жатышына салымыңар чоң.

         Биздин алдыбызда дагы көп иштер жана чече турган көптөгөн милдеттер турат, бирок мен сиздердей ак ниет, күчтүү жана ишенимдүү команда менен бардык сыноолордон өтүп, тоскоолдуктарды жеңип, алдыга койгон максаттарыбызга жете аларыбызга бекем ишенем.

         Бизди бир тагдыр, бир максат жана бир идея бириктирип турат.  Алдыга умтулуу, өнүккөн Кыргызстанды куруп, элдин татыктуу жашоосун камсыз кылуу мүдөөсү биздин күчүбүзгө күч, демибизге дем кошот.

Урматтуу кыргызстандыктар биз жогору айтылган ийгиликтерге 3 жылда кандайча жеттик? Биз саясатты четке кагып, анча-мынча бутка чалынгандарга көңүл бурбай, баш көтөрбөй, иштеп, жеттик. Эгер айрым саясатчылардай болуп, элге жакшы көрүнүп калайын деп, резонанс маселелерде кыйкырып чыга калып, демагогия жана популизм менен алектенип журсөк, ийгиликтерге жетпейт элек. Келгиле, мындан ары да саясатты артка таштап, ынтымакка келип, баарыбыз экономикабызды көтөрөлү. Ошондо гана күчтүү, келечеги кең, түбөлүктүү Кыргызстанды урпактарга калтырган болобуз.

Урматтуу кыргыз элим!

Бул имарат биз үчүн, азыркы жашап жатқандар үчүн гана курулган жок. Аны тарыхта терең из калтырып, ондогон жылдар бою кызмат кылат деген ой менен курдук.

      “Ынтымак Ордо” азыркы муундун гана эмес, бизден кийинки муундардын да келечегин аныктаган милдеттер иштелип чыккан бекем чепке жана ордого айланат.

      “Ынтымак Ордого” келген ар бир адам тарыхтын, элдин, келечектин алдындагы жоопкерчилигин сезип, өлкөнүн тилеги, кыялы ишке ашкан жайга айлансын.

         Бул бизге эле эмес, биздин балдарыбызга, урпактарыбызга жана өлкөбүздүн келечегин түзө тургандардын баарына, бүгүнкү Кыргызстандын улуу максаттарын түптөгөндөргө кызмат кылат. Ошондой эле «Ынтымак Ордо» улуу идеялар жаралган, маанилүү чечимдер кабыл алынган, ар бир адам өзүнүн негизги миссиясын түшүнгөн – элге кызмат кылууга дилгирленген борборго айланат.

         Биз биригип, ынтымактуу болгондо гана өнүгөбүз жана чогуу болгондо ийгиликтерге жетебиз жана бийиктиктерди багындырабыз. «Ынтымак Ордобуз» кут болсун!”.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17