Аймак

БҮГҮН ЖАЛАЛ-АБАДДА 16 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ АЧЫЛДЫ

БҮГҮН ЖАЛАЛ-АБАДДА 16 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ АЧЫЛДЫ

 3 Бардыгы /

Бүгүн Жалал-Абад облусунда 16 социалдык объект ачылды. Бул тууралуу Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Республиканын Эгемендүүлүк күнүнө карата президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Жалал-Абад облусу боюнча 6 мектеп, 7 бала бакча жана 3 мектептин спорт залы пайдаланууга берилди.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков Жалал-Абад шаарынын Масадан айылында жайгашкан 624 орундуу Фуркат мектебинин ачылышына катышты.

Облуста ачылган социалдык объекттер:

-Аксы районунун Кош-Дөбө айылындагы 225 орундуу №22 С.Жээнбаева орто мектеби;

-Ноокен районунун Достук айылындагы 275 орундуу №21 Фурхат орто мектеби;

-Ноокен районунун Масы айылында 50 орундуу бала бакчы;

  • Ноокен районунун Бүргөндү айылындагы №39 мектептин спорт залы;

-Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагынын Жаңы-Айыл айылындагы №87 “Келечек” орто мектебинин спорт залы;

-Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын Жерге-Тал айылындагы №11 М.Орозалиев орто мектебинин спорт залы;

-Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагындагы бала бакча имараты;

-Сузак районунун Кара-Алма айылында бала бакча имараты;

-Сузак районунун Курманбек айыл аймагынын Калмак-Кырчын айылындагы 40 орундуу бала бакча;

-Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Бостон айылында 40 орундуу бала бакча;

-Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Жаңы-Ачы айылындагы 40 орундуу бала бакча;

-Жалал-Абад шаарынын Ынтымак айылындагы М.Торомаматов жана Масадан айылында жайгашкан 624 орундуу Фуркат мектеби;

-Тогуз-Торо районунун Арал айыл аймагынын Көк-Ирим айылында жайгашкан 225 орундуу Үрүстөмбек уулу Бейше орто мектеби;

-Кара-Көл шаарындагы 620 орундуу №4 Д.Шопоков орто мектеби;

-Базар-Коргон районунун Кеңеш айылында жайгашкан 50 орундуу бала бакча имараты.

Мындан сырткары облустагы өндүрүштүк ишканалар болгон Сузактагы битум заводу, инвестициялык көлөмү 350 млн долларды түзгөн “Эти Бакыр Терек Сай” ЖЧКсынын жаңы алтын ылгалоочу фабрикасы, Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын административдик имараты, ошондой “Камбар-Ата 1” ГЭСинин биринчи этабындагы узундугу 125 метрди түзгөн туннель ачылды.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17