Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
10 Бардыгы / Бүгүн, 2024-жылды 30-августунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 100 обьектинин ачылуу аземи өлкө башчыбыздын онлайн катышуусунда болду. Алардын катарында “Кыргызстан УЭТ” ААКтын филиалы – Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Сузак электр энергиясын сатуу ишканасы да бар. Ачылыш аземге “КУЭТ” ААКтын башкы директорунун орун басары Дүйшө уулу Уларбек, Жалал-Абад ЭТИнин директору Сүйүнбек Усенов […]
11 Бардыгы / Бүгүн, 2024-жылды 30-августунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 100 обьектинин ачылуу аземи өлкө башчыбыздын онлайн катышуусунда болду. Алардын катарында “Кыргызстан УЭТ” ААКтын филиалы – Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Сузак электр энергиясын сатуу ишканасы да бар. Ачылыш аземге “КУЭТ” ААКтын башкы директорунун орун басары Дүйшө уулу Уларбек, Жалал-Абад ЭТИнин директору Сүйүнбек Усенов […]
СУЗАК ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН САТУУ ИШКАНАСЫНЫН АДМИНИСТРАТИВДИК ИМАРАТЫНЫН АЧЫЛЫШЫ БОЛДУ
30.08.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна

12 Бардыгы /
Бүгүн, 2024-жылды 30-августунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 100 обьектинин ачылуу аземи өлкө башчыбыздын онлайн катышуусунда болду.
Алардын катарында “Кыргызстан УЭТ” ААКтын филиалы – Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Сузак электр энергиясын сатуу ишканасы да бар.
Ачылыш аземге “КУЭТ” ААКтын башкы директорунун орун басары Дүйшө уулу Уларбек, Жалал-Абад ЭТИнин директору Сүйүнбек Усенов , Сузак айыл аймагынын башчысы Даирбек Бакиров, энергетиктер жана жергиликтүү бийликтен өкүлдөр, айыл тургундары катышты. Буга чейин КРнын энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад электр тармактарына болгон иш сапарында Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын иаратынын авариялык абалын көрүп, жаңы курууну тапшырма кылган болчу.
Натыйжада КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Б.Торобаевдин, “КУЭТ” ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбековдун, “КУЭТ” ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы Атантай Турдубаевдин колдоосунда жана ЖЭТИнин директору Сүйүнбек Усеновдун пландуу жумуш жүргүзгөндүгүнөн, заңгыраган заманбап имарат тургузулду.
“КУЭТ” ААКтын башкы директорунун орун басары Дүйшө уулу Уларбек өз сөзүндө акыркы жылдардагы энергетика тармагындагы реформалардын жыйындысы зор көрсөткүч бергендигине токтолуп, Сузак районунун керектөөчүлөрүнө сапаттуу электр энергиясын берүүдө жакшы шарттар жаралып жаткандыгы менен куттуктады.
Ал эми Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору Сүйүнбек Усенов,- Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын баштапкы абалы начар болсо да жумуш ыргагы өз нугунда жүргөн.
Эми кызматкерлерге түзүлгөн шарттар мыкты тейлөөгө өбөлгө болот. Мындай шарттарды түзүп, алдыда күз- кыш айларына чейин бир топ имараттарды ачууга бел байлап турабыз дейт. Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын имараты эскилиги жетип, кызматкерлердин иштөөсүнө жана керектөөчүлөрдү тейлөөдө ыңгайсыздык жаратып келген.
Анткени имарат бир кабаттан туруп, бөлмөлөрү тар, дубалдары жараксыз абалга кептелген болчу. Улам жылдан жылга абоненттер көбөюп, тар бөлмөдө иштөөгө туура келген.
Үстүбүздөгү жылдын капиталдык курулуш мерчемине киргизилип, авариялык абалдагы имарат толугу менен бузулуп, учурда жаңы салынды.Курулушка “КУЭТ” ААКтын өздүк эсебинен 14 млн. 500 миң сом каражат бөлүнгөн. Ал эми “Ширин Бизнес Групп” жоопкерчилиги чектелген коом менен келишим түзүлүп, сапаттуу курулуш бүттү.
Жаңы имарат 2 кабаттан, 8 бөлмөдөн турат. Мында кызматкерлердин иштөөсүнө да, керектөөчүлөрдү сапатуу тейлөөдө да ыңгайлуу шарт түзүлдү.Сузак электр энергиясын сатуу ишканасы Сузак районундагы 5 айыл өкмөттөн 36 764 керектөөчүнү тейлейт.
Белгилей кетсек, ишкананын административдик эски имараты 1950- жылы курулган. Сузак мамлекеттик администрациясынын балансында болуп, банк кызматы ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген.
2001-жылдын 12-мартындагы № 12 буйругунун негизинде “Жалал-Абадэлектро” ААКнун балансына өткөн. Ошол убакыттан бери энергетиктер жумушту үзгүлтүккө учуратпай, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген.
Автор Акбермет Орозалиевна
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
-
-
24.06.2024 / Автор anarkan_kg УКМК МЫЙЗАМСЫЗ ИШТЕГЕН КЫЗДАР ҮЧҮН ДИНИЙ ЛАГЕРДИ АШКЕРЕЛЕДИ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.