Аймак

ОШТОГУ КӨРГӨЗМӨ КАРА КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛУСУНА 100 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

ОШТОГУ КӨРГӨЗМӨ КАРА КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛУСУНА 100 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

 6 Бардыгы /

        Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» тарыхый музей комплексинде «Кылым карыткан тарых жана улуу мурас» аттуу тарыхый-архивдик документтердин көргөзмөсү ачылды. Були ш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулду.

        Тарыхый-архивдик документтердин көргөзмөсүнө Ош шаар мэринин орун басары Нурбек Кадыров, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, ошондой эле шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана студенттер катышышты.

        Айтмакчы, кийинки муундарга улуу мурасты жеткирүү жана тааныштыруу максатында даярдалган «Кылым карыткан тарых жана улуу мурас» аттуу тарыхый-архивдик документтердин көргөзмөсү тарыхый маалыматтардын негизинде гана түзүлүп, анда көрөрмандарга 1924-жылдын 14-октябрында Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусу, анын түптөлүшү тууралуу документалдык материалдар дагы көрсөтүлдү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17