Аймак

ОШ ШААРЫНДА ПАРА МЕНЕН КАРМАЛГАН ЛИЦЕЙДИН ДИРЕКТОРУ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРЫЛДЫ

ОШ ШААРЫНДА ПАРА МЕНЕН КАРМАЛГАН ЛИЦЕЙДИН ДИРЕКТОРУ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРЫЛДЫ

 6 Бардыгы /

Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы Уркуя Салиева атындагы атайын адистештирилген лицейдин директору үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунан маалымдашты.

        Маалыматка караганда. ушул жылдын 28-августунда УКМК кызматкерлери тарабынан  Кылмыш-Жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош шаарындагы Уркуя Салиева атындагы атайын адистештирилген лицейдин директору У.Ж.И. кармалган. Анын баш коргоо чарасы Ош облустук сотунда каралып, айыпталуучу  үй камагына чыгарылды.  Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 2-сентябрындагы токтомунун негизинде  УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсүнүн  шектүүгө карат бөгөт коюу чарасынын үй камагын тандоо жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылган.

        Ошентип, Кылмы-Жаза кодесинин  343-беренесинин 1-бөлүгү менен шектүүнүн – Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы Уркуя Салиева атындагы атайын адистештирилген лицейдин директору У.Ж.И. нын үй-камак түрүндөгү бөгөт коюу чарасы 2024-жылдын 28-октябрына чейин узартылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17