Аймак

СҮЛҮКТҮ ШААРЫНДА САНИТАРДЫК НОРМАНЫ БУЗГАН ДҮКӨН ЭЭЛЕРИ АКЧАЛАЙ АЙЫПКА ЖЫГЫЛЫШТЫ

СҮЛҮКТҮ ШААРЫНДА САНИТАРДЫК НОРМАНЫ БУЗГАН ДҮКӨН ЭЭЛЕРИ АКЧАЛАЙ АЙЫПКА ЖЫГЫЛЫШТЫ

 6 Бардыгы /

Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарында санитардык норманы одоно бузган дүкөндөрдүн ээлери акчалай айыпка гана жыгылышты.

Анда мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана жана оорулардын алдын алуу борборунун кызматкерлери ырааттуу түрдө текшерүү жүргүзүп жатышат.

Натыйжада сатыктан мөөнөтү өткөн ири товарлар жана ден соолукка ашкере зыян продукциялар дароо алынып салынууда. Буга улай санитардык талаптарга таптакыр жооп бербеген эки дүкөндүн ээлерине 3000 жана 5000 сомдон айып гана салынды.

Тилекке каршы, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу борборунун кызматкерлери ар дайым текшеришет. Анда олуттуу кемчиликтерди издеп табышканы менен, мыйзамды тоготпогон тоңмоюн жетекчилер арзыбаган айып пул төлөө менен гана кутулуп келе жатышат. Адистердин айтымында, буларга жазаны мындан дагы катаалдатуу жана айып пулду рынок шартына жараша тоткоосуз жогорулатуу абзел!

Алишер ТОКСОНБАЕВ өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17