Аймак

КРИМТӨБӨЛ КАДЫР ДОСОНОВГО БАЙЛАНЫШЫ БАР ЖАРАН КАРМАЛДЫ

КРИМТӨБӨЛ КАДЫР ДОСОНОВГО БАЙЛАНЫШЫ БАР ЖАРАН КАРМАЛДЫ

 6 Бардыгы /

Кримтөбөл «Женго» каймана аты бар Кадыр Досонов менен тыгыз байланышы бар 54 жаштагы С.К.А. аттуу жаран кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган жаран Ош шаарынын жана Ош облусунун ишкерлеринен кыймылсыз мүлк обьектилерин мыйзамсыз тартып алгандыгы аныкталды.

Тактап айтканда, физикалык зордук-зомбулук көрсөтүү жана өмүрүнөн ажыратуу менен коркутуп, Кара-Суу районунун Шарк айылында жайланышкан «Пахта заводун», Кашкар-Кыштак айылындагы «Трактордук гаражды», май чыгаруучу цехти жана теплицаны мыйзамсыз ээлеп алган. Кылмыштуу план боюнча С.К.А. завод-фабрикалардын өндүрүштүк муктаждыктарына жеңилдетилген кредит алуу шылтоосу менен жабырлануучунун ишенимине кирип, көрсөтүлгөн обьъектилерди өзүнүн наамына кайра каттатып койгон.

С.К.А. аттуу жарандын жашаган жерин тинтүү учурунда 2 даана жылмакай ок атуучу курал, бычактар, Ички иштер министрлигинрин кызматкеринин өздүк күбөлүгү, ошондой эле аталган өндүрүш обьектилерине тиешелүү документтер табылып, дароо алынды. Ушул жылдын 11-сентябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында С.К.А. УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына жеткирилип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ушул тапта тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жаткан чагы.

Алишер ТОКСОНБАЕВ өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17