Аймак

КАЛК САЛАМАТЧЫЛЫГЫНА КАМ КӨРГӨН ООРУКАНАДА

КАЛК САЛАМАТЧЫЛЫГЫНА КАМ КӨРГӨН ООРУКАНАДА

 3 Бардыгы /

Өлкөдө абдан ийгиликтүү жүргүзүлүп жаткан реформанын негизинде Кара-Кулжа райондук ооруканасы дагы Мамытбек ЖУНУСОВ атындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборуна айландырылды. Кабарчыбыз аталган медициналык жайга атайын баш багып, анын иш-шарты менен жеринде кеңири таанышып кайтты.

Пиримберди ПАЙЫЗОВ, Кара-Кулжа райондук Мамытбек ЖУНУСОВ атындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун травмотология бөлүм башчысы:

Заман каатчылыгы калкыбызды, чындыгында, бүтпөгөн таш-пишке гана салды. Жеңил жана оор жараат алгандар улам гана көбөйүп баратат. Буларга башкы дары – биздин, дарыгерлердин, жылмаюубуз жана жылуу мамилебиз. 

Бибигүл САРЫБАЕВА,  Кара-Кулжа райондук Мамытбек ЖУНУСОВ атындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун улуу мээрбан эжеси:

Мен Орусиянын Свердлов темир жол медициналык окуу жайын аяктагамын. Төрт кыз, жалгыз уулдун апасымын. Жолдошум – жеке ишкер. Ал, албетте, мага кыйын күндөрдө жардам берип келет. Ачыгын айтканда, аял кишибиз да, бизде күнү – тыным, а түнү – уйку жок. Моминтип такай калк кызматындабыз!

Бердали АЛКАНОВ, Кара-Кулжа райондук Мамытбек ЖУНУСОВ атындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун балдар бөлүм башчысы:

– Соңку тапта өпкө жана бөйрөк дартына чалдыккандар арбыды. Абдан оор акыбалда келгендерди аргасыздан реанимацияда жаткырабыз. Карообуз жакшылыгынан улам биздеги сыркоолордун басымдуулугу бат эле сакайып, үйүнө кайтып атышат.

Чынара КАРЫМШАКОВА, Кара-Кулжа райондук Мамытбек ЖУНУСОВ атындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директорунун амбулатордук иштер боюнча орун басары:

– Ооруканабыздын кабыл алуу жайына цифралык рентген орнотулду. Саламаттыкты сактоо министрлиги демилгелеген дары-дармектерди арзан баада соодалаган “Эл аман” мамлекеттик аптекасы ишке абдан активдүү киришти. Ушул маалда анда керектүү дары-дармектин 600дөн ашуун түрү бар. Мындан ташкары 17 үй- бүлөлүк дарыгерлер тобубуз жана дагы 28 ФАП бар. Анын төртөө жаңыдан эле ачылды.

Сапарыбыздын соңунда Кара-Кулжа райондук Мамытбек ЖУНУСОВ атындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору Кайратбек Алыкуловду дагы кепке тарттык.

– Мен директорлукка дайындалганыма дээрлик бир жылга чукулдады, – деп кепке кошулду Кара-Кулжа райондук Мамытбек ЖУНУСОВ атындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору Кайратбек Алыкулов.

ФОМСтын жардамы аркасында урологиялык ооруларды операция жасаган 12 миллион сомдук медициналык жабдыктарга жетиштик. 5 миллион сомдон ашык сарптап, лабораториябызды жаңыладык. Министрибиздин жеке көмөгү менен акыркы үлгүдөгү санарип рентгендер дагы орнотулду. Албетте, кадрлар таңкыстыгы дагыле бар. Ушул тапта 5 дарыгерге зарбыз!

Кара-Кулжа райондук Мамытбек ЖУНУСОВ атындагы жалпы дарыгерлер практикалык борбору жалпы жонунан 13 бөлүмдөн куралган. Алайкуу өрөөнүндөгү филиалын кошкондо, бейтапкана жалпысынан 257 орунга гана ылайыкташтырылган. Мында 17 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 28 ФАП калк саламатчылыгында такай кезметте турушат. Борбордо 755 медициналык кызматкер эмгектенет. Булардын жогорку билимдүүсү- 71, орто маалыматтуусу – 298. Депозитке дагы 11 дарыгер тартылган. 

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

Кара-Кулжа райондук Мамытбек ЖУНУСОВ атындагы жалпы дарыгерлер практикалык борбору – Аймактагы алгачкы  саламаттыкты сактоо  мекемеси. Өткөн кылымда, 1933-жылы Кара-Кулжа кыштагындагы Иса байдын үйүндө 15 керебеттүү чакан оорукана ачылган. Мында 3 медициналык кызматкер гана эмгектенген. 1936-жылы 50 керебетке, ал эми 1949-жылы 75 керебетке, кийинчерээк 700 орунга жеткирилген. Ал эми ушул тапта 257 орундуу. 2024-жылы ооруканага Кара-Кулжа районунун мыкты кулуну – белсемдүү педиатр, медицина илимдеринин кандидаты Маматбек ЖУНУСОВдун ысымы ыйгарылган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17