Өлкө аймактары менен кубаттуу
ӨЗГӨНДҮК ЧЕКИСТТЕР ҮЙЛҮҮ БОЛУШТУ
- ticket title
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
1 Бардыгы / Үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө, кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алгандыгынын 35 жылдыгына карата “Кыргыз тили – кыргыз элинин улуу түшүнүгү!” аттуу майрамдык салтанат өткөрүлдү. Кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алгандыгынын 35 жылдыгы – өлкөбүз үчүн, тилибиз үчүн абдан […]
2 Бардыгы / Үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө, кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алгандыгынын 35 жылдыгына карата “Кыргыз тили – кыргыз элинин улуу түшүнүгү!” аттуу майрамдык салтанат өткөрүлдү. Кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алгандыгынын 35 жылдыгы – өлкөбүз үчүн, тилибиз үчүн абдан […]
ЭАУда КЫРГЫЗ ТИЛИНИН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МАКАМЫН АЛГАНДЫГЫНЫН 35 ЖЫЛДЫГЫ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ
23.09.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна3 Бардыгы /
Үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө, кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алгандыгынын 35 жылдыгына карата “Кыргыз тили – кыргыз элинин улуу түшүнүгү!” аттуу майрамдык салтанат өткөрүлдү.
Кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алгандыгынын 35 жылдыгы – өлкөбүз үчүн, тилибиз үчүн абдан маанилүү маареке! Майрамдык салтанатка Жалал-Абад щаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова катышып, майрамдык куттуктоосу менен бирге мамлекетибиздин, элибиздин, тилибиздин мындан ары да өсүп-өнүгүүсүн каалап кетти. Куттуктоодон кийин кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүн, кыргыз тилинин өнүгүүсүн чагылдырган видео көрсөтүүлөр берилип, кыргыз тарыхы жана тили боюнча сахналаштыруулар, “Манас” жана “Курманбек” дастандарынан үзүндүлөр, улуттук фольклордон ырлар, бийлер жана улуттук аспаптарда обондор тартууланып, кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларынан көркөм окуулар окулду.
Салтанатты ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун дирекциясы жана кафедралары, “Филологиялык билим берүү” багыты боюнча “Кыргыз, түрк тилдери жана адабияты” адистигинин студенттери ЭАУнун Маданий-эстетикалык борбору менен биргеликте уюштурушту. Жалпысынан айтсак, ЭАУда Мамлекеттик тил күнү, анын 35 жылдык маарекеси татыктуу белгиленип, катышуучулардын жана меймандардын купулуна толду.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы
Автор Акбермет Орозалиевна
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
03.10.2023 / Автор anarkan_kg МИЛИЦИЯ МУГАЛИМДЕР КҮНҮНӨ КАРАТА МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРА УЮШТУРДУ
-
-
-
23.09.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ЖАЛАЛ-АБАДДА 3 МИҢ ОРУНДУУ “ДОСТУК”МЕЧИТИ АЧЫЛДЫ
-
25.09.2023 / Автор anarkan_kg ТҮМӨНБАЙ БАЙЗАКОВДУН АТЫНДАГЫ ПАРККА АНЫН АЙКЕЛИ ТУРГУЗУЛДУ
-
-
Маек
ОШТОГУ ЛИЦЕЙ ЭМИ ПРЕЗИДЕНТТИК МЕКТЕПКЕ АЙЛАНДЫРЫЛАТ
Кыргызстандын Түштүк башкалаасынын чок ортосунда гана жайланышкан Ош облусунун Уркуя…
-
21.09.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна КАЛК САЛАМАТЧЫЛЫГЫНА КАМ КӨРГӨН ООРУКАНАДА
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.