Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
61 Бардыгы / Өмүр бизден өтүп кетсе, Эл эмгектен эскерсин! Аалы ТОКОМБАЕВ, Кыргыз Эл акыны. Кыргыз тарыхында дегеле мындай болгон эмес! Эбак эскилиги жеткен эле. Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Министерлер кабинетинин чечимине ылайык Ош облусуна караштуу Араван райондук мамлекеттик архивине заманбап имарат салынып, ушул тапта абдан ыңгайлуу шартта гана пайдаланылууда. Эң кызыгы: аталган мекемеде жалаң гана ак […]
62 Бардыгы / Өмүр бизден өтүп кетсе, Эл эмгектен эскерсин! Аалы ТОКОМБАЕВ, Кыргыз Эл акыны. Кыргыз тарыхында дегеле мындай болгон эмес! Эбак эскилиги жеткен эле. Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Министерлер кабинетинин чечимине ылайык Ош облусуна караштуу Араван райондук мамлекеттик архивине заманбап имарат салынып, ушул тапта абдан ыңгайлуу шартта гана пайдаланылууда. Эң кызыгы: аталган мекемеде жалаң гана ак […]
АРХИВ – БУЛ АДАМЗАТ ТАРЫХЫ
04.10.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна63 Бардыгы /
Өмүр бизден өтүп кетсе,
Эл эмгектен эскерсин!
Аалы ТОКОМБАЕВ,
Кыргыз Эл акыны.
Кыргыз тарыхында дегеле мындай болгон эмес! Эбак эскилиги жеткен эле. Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Министерлер кабинетинин чечимине ылайык Ош облусуна караштуу Араван райондук мамлекеттик архивине заманбап имарат салынып, ушул тапта абдан ыңгайлуу шартта гана пайдаланылууда. Эң кызыгы: аталган мекемеде жалаң гана ак жоолукчандар эмгектенишет. Ошол себептүү кардарларды – зарыккандарды аялзатынын өкүлдөрү сылык-сыпаа жана дагы өтө малданияттуу гана тейлеп жатышкан чагы.
Жылдыз БАХРИЕВА, Араван райондук мамлекеттик архивинин архивариусу:


– Мен Батыраалы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек университетинин маалымат системасы адистигин бүтүргөмүн. Ушул кесибимдин мага азыр куп гана пайдасы тийип жатпайбы. Маал-маалы менен мекеме-уюмдарды жана ишканаларды тегиз кыдырып, документтердин коопсуз жайда сакталышын жеринде гана текшерип, а түгүл аларга усулдук жардамдарды деле толук кандуу жана ар тараптуу көрсөтүп гана келатабыз.
Жаңылай НАРБАЕВА, Араван райондук мамлекеттик Архивинин Фондду сактоочусу:


– Буга дейре мен Ош Аймактык архивинде тескөөчү, уюштуруу жана кадрлар бөлүмүнүн башчысы кызматтарын аркалагамын. Архив – бул Адамзат тарыхы. Ошентсе дагы, бул маанилүү тармакка мурун дегеле жетиштүү көңүл бурулган эмес экен. Президентибиз Садыр Жапаровдун акылман саясатынын негизинде эми гана коомубуздагы өз ордубузду толук кандуу таап олтурабыз. Ал эми мекеме-уюмдардын жана дагы ишканалардын иш кагаздары бүт өздөрүнүн ведомстволук архив бөлмөлөрүндө бара-бара заман талабына ылайыкташтырылып сакталып атат.
Мээргүл АЛИБАЕВА, Араван райондук мамлекеттик Архивинин архивариусу:


– Бүгүнкү санариптештирүүнүн баштапкы талабына ылайык архивибиздеги бардык документтерди бир-бирден компьюетрге түшүрүп, интернетке дагы киргизип, чекесинен ирээттештерип гана жатабыз. Мекендештерибиз бара-бара керектүү маалыматтарды он-лайн форматта деле алганга акыры мүмкүнчүлүк түзүлөөрү шексиз!
Шырманай МАМАТОВА, Араван райондук мамлекеттик Архивинин башчысы:
– Көрдүңүздөр го. Биздин архивибибизде өткөн кылымдын 1932-жылынан берки документтер дагыле сакталат. Санариптештирүү жана электрондук маалымат алмашуу көптөгөн убакытты талап кылат экен. Ошондой эле буга олчойгон каражат деле сарпталат турбайбы. Маселен, биздин заманбап сканерибиз жок. А мындай жабдык Ош шаарында – Аймактык башкармалыгыбызда гана бар. Аргасыздан зарыкканда ошол жакка убара чегебиз. Ал эми иш-кагаздарын туура эмес жүргүзгөн мекеме-уюмдарга 5000 сом айып пул салынат. Буга улай мекеме-уюмдар жана ишканалар документтерин мамлекеттик сактоого – биздин архивге өз маалында тапшырышпаса, 17 000 сом, же документтерди атайылап жаап-жашырышса 55 000 сом айыпка жыгылышат. Ошондуктан, биз деле жөн-жай жатпастан, жеринде усулдук жана укуктук жардамдарды дагыле үзгүлтүксүз гана берип келатабыз.
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ
Араван райондук мамлекеттик архиви өткөн кылымда, тактап айтканда, 1977-жылы 15-сентябрда негизделген. Адегенде Араван райондук элге билим берүү бөлүмүндө жайгаштырылган. 2006-жылы Араван райондук калкты жайгаштыруу бөлүмүнүн имаратына убактылуу көчүрүлгөн. Андан соң 2009-жылы райакимчиликтин имаратына орун которгон.
Араван райондук мамлекеттик архиви учурда заманбап тейде жабдылган. Анда бардык шарттары бар бөлмөлөр дээрлик жетиштүү. Ушул күндө мекемеде 160 фонду, 22 816 сактоо бирдиги, мындайча айтканда, 1932-жана 2000-жылдардагы бүт документтер көздүн карегиндей сакталуу турат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор Акбермет Орозалиевна
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
07.10.2026 / Автор anarkan_kg РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 20 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ АЧЫЛДЫ
-
07.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА ЖАЛПЫ 5 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
-
04.10.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.10.2025 / Автор anarkan_kg КЫШКЫ ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАЙЛЫ
-
03.12.2025 / Автор anarkan_kg СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
-
27.01.2026 / Автор anarkan_kg АКСЫ РАЙОНУНДА ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.