Аймак

ТИЛДИ САКТАСАК – УЛУТТУ САКТАЙБЫЗ

ТИЛДИ САКТАСАК – УЛУТТУ САКТАЙБЫЗ

 9 Бардыгы /

Кыргыз тилим – көөнөрбөс өчпөс дилим!

Кыргыз тили кылымдардан куралып,

Нечен катаал мезгилдерде сыналып.

Бабалардан бизге калган таберик,
 Урпактардан урпактарга уланып.

Кыргыз тили – кыргыз элинин улуттук тили, улуттук маданиятынын формасы,Элди түбөлүктүү мамлекет катары  тааныткан анын тили.

Эне тил кулакка кандай жагымдуу угулат.  Эзелтеден өз жерин мекендеген адам баласы дал ошол өз эне тилинде сүйлөп келет.

23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик  тил күнү мындан туура 35 жыл мурун, 1989 – жылы 23- сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин  мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамы кабыл алып, андан соң кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын  берген.  Кыргыз тили мамлекеттик макамына ээ болгонуна 35 жыл болду. Кыргызстандын бардык ишкана, мекемелеринде, окуу жайларында жана мектептерде 23-сентябрь мамлекеттик тил күнүнө карата иш – чаралар  өткөрүлүп жатат.

Балдардын  чыгармачылык үйү райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына  карата  райондук деңгээлде иш – чара өткөрүлдү. Балдардын чыгармачылык үйүнүн таланттуу, өнөрлүүокуучуларынын колунан жасалган улуттук колориттеги пано, буюмдардын  көргөзмөсү уюштурулду. Манас айтуу, көркөм окуу, шаңдуу кыргыз бийлери,комуз күүлөрү  жаңырып, мүмкүнчүлүгү  чектелген балдарга концерттик программа тартууланды жана белектер берилди.

А. САРТМАМБЕТОВА, Ала-Бука райондук Балдардын чыгармачылык үйүнүн директору

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17