Аймак

БИШКЕКТЕ СЕЙИЛ БАКТЫН МЫЙЗАМСЫЗ БЕРИЛГЕН ЖЕР ТИЛКЕСИ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ

БИШКЕКТЕ СЕЙИЛ БАКТЫН МЫЙЗАМСЫЗ БЕРИЛГЕН ЖЕР ТИЛКЕСИ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ

 6 Бардыгы /

Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн  текшерүүдө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдагы токтому менен “Кара-Жыгач токою” сейил багы Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башкаруусуна берилгендигине карабастан, Свердлов администрациясы тарабынан аталган сейил багынын аймагынан 2007-жылдагы “Жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө” токтому менен жалпы аянты 1,2 га жер тилке 30 өзүнчө бирдиктерге бөлүнүп, жарандарга мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

КРдин Башкы пркуратурасынын маалыматына ылайык, райондук прокуратура тарабынан сотко келтирилген  доо арыздын жыйынтыгы менен жогоруда аталган токтом жокко чыгарылып, ал эми келтирилген прокурордук актысынын негизинде баасы 126 млн 780 миң сомду түзгөн 1,2 га жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17