Аймак

НАРЫНДА ТӨРӨЛГӨН 3 ЭМДИН ҮЙ-БҮЛӨӨСҮ 3 БӨЛМӨЛҮҮ БАТИРЛҮҮ БОЛДУ

НАРЫНДА ТӨРӨЛГӨН 3 ЭМДИН ҮЙ-БҮЛӨӨСҮ 3 БӨЛМӨЛҮҮ БАТИРЛҮҮ БОЛДУ

 6 Бардыгы /

Нарында төрөлгөн 3 эмдин ата-энеси үч бөлмөлүү батирлүү болду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, 4-ноябрда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Нарын облусунун Нарын шаарында 25-октябрда төрөлгөн 3 эмден кабар алды.


Тактап айтканда, Ташиев Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнө барып, үч эмдин ата-энеси Эрбол Карагулов жана Алтынай Майрамбековага өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан 500 000 сом акчалай белек жана Нарын шаарынан 3 бөлмөлүү жаңы батирдин тийиштүү документтерин тапшырды.
Үч эмге Ажар, Саадат, Анара деген ысымдар ыйгарылган.


24 жаштагы Алтынай Майрамбекованын жана анын ымыркайларынын абалы учурда туруктуу экени айтылып, Ташиев аларга бардык керектүү шарттар түзүлөөрүн белгиледи. Ошондой эле, наристелердин саламаттыгын көзөмөлгө алууну жана аталган үй- бүлөдөн кабар алып турууну тийиштүү тараптарга тапшырды.


Өз кезегинде 3 эмдин ата-энеси Президент Садыр Жапаровго жана генерал-полковник Камчыбек Ташиевге ыраазычылыгын билдиришти.

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17