Аймак

ОШТО МАҢЗАТ САТУУГА ШЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДАР КАРМАЛЫШТЫ

ОШТО МАҢЗАТ САТУУГА ШЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДАР КАРМАЛЫШТЫ

 3 Бардыгы /

Кыргызстандын Түштүк башкалаасында маңзат соодалап жүрүшкөн шектүүлөр кармалышты. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан 2024-жылдын 7-майында Кылмыш-Жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү (маңзат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү же сатып өткөрүү) менен кылмыш иш козголгон. Ыкчам-иш аракеттердин жүрүшүндө маңзат соодалап жана сактап жүрүшкөн жарандардын өздүгү такталган. Алардын арасында бир нече жолу соттолгондор дагы бар экендиги аныкталды.

 Жалпысынан ушул өңүттө 5 кылмыш иши козголуп, ал кылмыш иштери боюнча 3 айга жакын атайын тергөө амалдары, 6 үйдө тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 22,68 грамм марихуана, 12 грамм гашиш маңзаты алынган. Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектүү сыңары Ош облусунун Кара-Суу районунун тургундары У.М., Х.Р. жана Х.Б. кармалып, тергөөгө камсыздалган. Ошондой эле ИИМдин эки айлык иш мерчеминин талаптарына ылайык, күбө катары алынып келген жарандардын арасында профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Ушул тапта тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17