Аймак

КАДАМЖАЙДАГЫ ПСИХОНЕВРОЛОГИЯЛЫК СТАЦИОНАРДА МЫЙЗАМ БУЗУУЛАР АНЫКТАЛДЫ

КАДАМЖАЙДАГЫ ПСИХОНЕВРОЛОГИЯЛЫК СТАЦИОНАРДА МЫЙЗАМ БУЗУУЛАР АНЫКТАЛДЫ

 3 Бардыгы /

Баткен облусуна караштуу Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул туурасында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган мекемеде температуралык режим дегеле сакталган эмес. Стационардын коридорлорунда абанын температурасы болгону +5°С, уктоочу бөлмөлөрдө +11°Сден +13°Сге чейин. Мындан улам ал жердеги бейтаптар мекеменин ичинде тышкы кийим жана баш кийим менен жүрүүгө аргасыз болуп, уктоочу бөлмөлөрдөгү төшөнчүлөр антисанитардык абалда болгон. Белгилей кетчүү жагдай: санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык бөлмөнүн температурасы +18°Сден +24°Сге чейин болушу кажет! Ошондой эле тамак-аш боюнча дагы олуттуу кемчиликтер аныкталды.

Ашкананын кызматкерлеринин айтымында, кампадан жыйырма килограмм чийки эт алынганы менен иш жүзүндө сегиз килограмм гана эт кошулуп бейтаптарга тамак даярдалат. Мындан тышкары ашкананын бир кызматкеринин медициналык текшерүүдөн өттү деген маалымкаты жок болгон. Белгиленген фактылар боюнча протокол түзүлүп, тиешелүү органдарга жиберилди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17