Аймак

НООКАТ РАЙОНУНДА СЕЛДЕН КОРГООЧУ ДАМБАЛАР ОҢДОЛУУДА

НООКАТ РАЙОНУНДА СЕЛДЕН КОРГООЧУ ДАМБАЛАР ОҢДОЛУУДА

 3 Бардыгы /

Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы селден коргоочу дамбалар катарынан оңдолуп жаткан чагы. Бул туурасында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл өтө катуу нөшөрлөгөн жамгырдан кийин Ноокат райондук суу чарба башкармалыгынын Көк-Жар тилкесиндеги «Сапарбаев 1» каналын алты жолу сел каптаган. Мунун кесепетинен дамбалар катарынан шилендилерге толуп . а түгүл кыйроого дагы учураган. Келаткан жазгы талаа жумуштарына карата дыйкандарды сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында ушул тапта 12 дамба чукул түрдө оңдолуп жатат.

Ноокат районунун Көк-Жар тилкесиндеги дамба мурун 4 метрди түзсө, ушул тапта ал 12 метрге чейин узартылып жана дагы айланасы ыраса кеңейтилүүдө. «Сапарбаев-1» каналы жалпысынан 3,5 миң гектар эгин аянттарын сугат суу менен камсыз этет.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17