Аймак

ЛЕЙЛЕК РАЙОНУНУН КУЛУНДУ АЙЫЛ АЙМАГЫНДА АТАЙЫН КЫЗМАТТЫН БӨЛҮМҮ ИШКЕ КИРИШТИ

ЛЕЙЛЕК РАЙОНУНУН КУЛУНДУ АЙЫЛ АЙМАГЫНДА АТАЙЫН КЫЗМАТТЫН БӨЛҮМҮ ИШКЕ КИРИШТИ

 3 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында атайын кызматтын 6-аймактык бөлүмүн ачты.

Аталган ведомстводон маалымдашкандай, УКМКнын аймактык бөлүмүнүн ачылыш аземине атайын кызматтын жергиликтүү бөлүмүнүн өздүк курамы, УКМК ардагерлери жана дагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып бул аймакка атайын бөлүм ачуу зарылчылыгы өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу багытында көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында келип чыккандыгын баса белгиледи: – Кыска убакытта курулушун аяктап, пайдаланууга тапшыруу тапшырмасы урматтуу президентибиз Садыр Жапаров тарабынан коюлган эле. Эми бардык керектүү шарттар түзүлгөн бул жаңы имаратта өзүңөрдүн мамлекетибиз, элибиз алдындагы милдеттериңерди татыктуу улантышыңар зарыл экенин дагы бир жолу эскертемин!

  УКМКнын аймактык бөлүмүнүн курулушу ушул жылдын август айында башталып, ноябрь айынын акыр ченинде толугу менен бүткөрүлгөн. Кызматкерлер үчүн заманбап бардык шарттар түзүлгөн. Аймактык бөлүмдү куруу зарылчылыгы Лейлек районунун географиялык абалынын шартына байланыштуу жаралган. Коопсуздукту камсыз кылууда ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн эми кызматкерлерге толук шарттар түзүлдү жана талаптар күчөтүлдү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17