Аймак

ТАШИЕВ ОКУГАН МЕКТЕПТЕ

 3 Бардыгы /

Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы №11-В. Н. Терешкова атындагы мектеп-интернатынынын тарыхы абдан чоң. Эң эле орчундуусу: аталган билим журтунда биркезде Кыргыздын чыгаан азаматтары – Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Ахматбек Келдибеков, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төарагысынын орун басары, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев, таанымал журналист Эрнис Кыязов окушкан.

Максуда КИМСАНОВА, Ош шарындагы №11-В. Н. Терешкова атындагы мектеп-интернатынын окуу бөлүмүнүн башчысы:

– Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагысынын орун басары, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин жеке демилгеси жана дагы сүрөөнчүлүгү аркасында биздин окуу жайыбыздын заманбап имараты дээрлик жаңыдан гана курулуп, акыры бүттү. Жакын арада пайдаланууга тапшырылат. А ага дейре биз азыркы конушубузда убактылуу жана жана үзгүлтүксүз иштеп жатабыз. Бул жерди Сиздер кыдырып көрдүнүздөрго. Окуу кааналарыбыздан тышкары айрым бөлүмдөр ыңгайлаштырып, жатакана сыяктуу гана урунуп келатабыз. Санариптештирүүнүн талабына жараша мугалимдерибиз инновация ыкмасына тегиз бекем ыктышты.

Пашакан ИСАЕВА, Ош шарындагы №11-В. Н. Терешкова атындагы мектеп-интернатынын физика сабагынын мугалими:

– Мен Кыргыз Мамлекеттик университетин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КМУну) 1981-жылы аяктаганмын. Ар мектепте эмгектендим. 20123-жылдан тартып дал ушул мектеп-интернатта физикадан сабак берип келе жатам. Бул жерде биз агартуучулук менен гана алектенбестен, ата-эненин  вазийпасын дагы кошо аткарып, жаш муундарды заманбап тарбиялап дагы атабыз. 

Райкан ЖЫРГАЛБЕК кызы, Ош шарындагы №11-В. Н. Терешкова атындагы мектеп-интернатынын англис тили сабагынын мугалими:

– Мен 2015-жылы ОГПИни (азыркы ОшМПУну) аяктап, ошондон тартып бир эле ушул мектеп-интернатта туруктуу иштеп келатам. Сабактарыбызда урунган технологитяларыбыз заманбап. Эгерде түшүнбөстүк жаралса, кошумча сабактарды дагы өтүп турабыз. Иши кылып баш көтөргөнгө дегеле убактыбыз жок! Ал эми бошогондо китеп окуп, үй-тиричилигин жасап, анан гана адамча эс алабыз.

  Азамат СУЛАЙМАНОВ, Ош шарындагы №11-В. Н. Терешкова атындагы мектеп-интернатынын тарых сабагынын мугалими:

– Мен дагы ОГПИни (азыркы ОшМПУну) бүтүргөнмүн. Далай сунуштар түштү. Бирок, өз эрким менен гана Ош шарындагы агартуу журттарынын арасынан дал ушул №11-В. Н. Терешкова атындагы мектеп-интернатын гана иргедим. Анткени, эмгек жамааатыбыз ынтымактуу жана прогрессивдүү. Бири-бирибизге өйдөдө- өбөк ал эми ылдайда – жөлокпүз.

Зуура ЫСМАЙЫЛОВА, Ош шарындагы №11-В. Н. Терешкова атындагы мектеп-интернатынын директору:

– Мен 2008-жылы Батырали Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык унвиерситетинин филология факультетинин орус тили жана адабияты адистигин аяктаганмын. Андан соң Ноокат районундагы “Алтын казык” менчик мектебинде, Ош шаарындагы №42-Керме-Тоо мектеп-гимназиясында, С. М. Киров атындагы орто мектебинде, ошондой эле Ош шаардык билим берүү башкармалыгында талыкпастан эмгектендим. Ал эми 2021-жылы мени ушул мектеп-интернатка директорлукка дайындашкан. Ошондуктан, бул милдетимди абийирдүү гана аркалап келе жатамын. Анткени, биздин эмгек жамаатыбыз тажрыйбалуу жана талапчыл мугалимдерден  гана куралган.

Кыргызстьандын Ош шаарындагы №11-В. Н. Терешкова атындагы мектеп-интернатынын эмгек жамааты биргездеги окуучусу, а азыр Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төарагысынын орун басары, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге ири ийгииктерди гана тилешип, анын Чек ара маселелерин чечүүдөгү чечкиндүү, коррупция менен күрөштөгү баатырдыгын, мугалимдердин кадыр-баркын жана маянасын көтөргөндүгүн  аркетчилдигин дагы баса белгилешти. 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Ош шаары

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17