Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
4 Бардыгы / Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапардын алдында Кытайдын алдыңкы “Синьхуа” маалымат агенттигине эксклюзивдүү маек курду. Мамлекет башчысы кыргыз-кытай кызматташтыгынын негизги аспектилерине, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарына жана эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө кеңири токтолду. Президент саясий диалогду чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана маданий-гуманитардык алмашууларды кеңейтүүгө багытталган алдыдагы сапардын өзгөчө […]
5 Бардыгы / Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапардын алдында Кытайдын алдыңкы “Синьхуа” маалымат агенттигине эксклюзивдүү маек курду. Мамлекет башчысы кыргыз-кытай кызматташтыгынын негизги аспектилерине, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарына жана эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө кеңири токтолду. Президент саясий диалогду чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана маданий-гуманитардык алмашууларды кеңейтүүгө багытталган алдыдагы сапардын өзгөчө […]
САДЫР ЖАПАРОВ: КЫТАЙ КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН БАШКЫ СООДА ЖАНА ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ӨНӨКТӨШТӨРДҮН БИРИ БОЙДОН КАЛА БЕРЕТ
04.02.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна

6 Бардыгы /
Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапардын алдында Кытайдын алдыңкы “Синьхуа” маалымат агенттигине эксклюзивдүү маек курду.
Мамлекет башчысы кыргыз-кытай кызматташтыгынын негизги аспектилерине, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарына жана эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө кеңири токтолду.
Президент саясий диалогду чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана маданий-гуманитардык алмашууларды кеңейтүүгө багытталган алдыдагы сапардын өзгөчө маанисин баса белгиледи.
Маекте биргелешкен инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана транспорттук логистика маселелери козголду.
Сиздерге президент Садыр Жапаровдун “Синьхуа” агенттигине берген маегинин толук текстин сунуштайбыз.
— Урматтуу президент мырза, 2023-жылдын майында Сианда “Кытай – Борбор Азия” биринчи саммитинин жүрүшүндө Сиз жана төрага Си Цзиньпин кытай-кыргыз мамилелерин жаңы доордо баары камтылган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрдүңүздөр, биргелешип ынак коңшулук, достук жана биргелешкен гүлдөп-өнүгүү менен мүнөздөлгөн жалпы тагдыры бар кытай-кыргыз коомчулугун түзүү тууралуу жарыяладыңыздар. Бул эки тараптуу алакалардын тарыхында урунттуу учур болуп калды. Сиздин оюңузча, кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүдө кандай жетишкендиктер орун алды? Сиз аларга кандай баа бересиз?
— Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасы менен түзүлгөн баары камтылган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү терең баалайт. Акыркы жылдары мамлекеттерибиз ишенимди бир кыйла чыңдоого жана ынак коңшулук, достук жана жемиштүү кызматташуунун бекем принциптерине негизделген өз ара пайдалуу мамилелерди курууга жетишти.
Биздин эки өлкөнүн кызматташуусунун учурдагы “алтын доору” урматтуу кесиптешим Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин мырзанын жеке көңүл буруусу, жылуу мамилеси жана ишеними аркылуу жетишилгенин кубануу менен белгилейм.
Учурдан пайдаланып, кымбаттуу досум Кытайдын урматтуу төрагасы Си Цзиньпин мырзаны, анын жубайы Пэн Лиюань айымды жана Кытай Эл Республикасынын бүтүндөй элин Жаз майрамы менен куттуктайм.
“Достук – бул жылмалаган сайын көркүнө чыккан асыл таш” деп кытай элинин накыл сөзүндө айтылат.
2023-жылдын майында Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапарымдын жыйынтыгы боюнча биз Кытайдын урматтуу Төрагасы Си Цзиньпин мырза менен биздин эки жактуу кызматташуубузду жаңы доордо баары камтылган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгардык.
Бул, албетте, биздин өлкөлөрдүн өз ара алакаларынын эң жогорку деңгээлинен кабар берет, саясий өз ара ишеним чөйрөсүндөгү олуттуу жетишкендик болуп саналат, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүлөрдү тереңдетүүгө, аймактык кызматташууну мындан аркы бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Мамилелерди көп жактуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөргөн учурдан тартып соңку эки жылда биздин өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу алакалар бир кыйла динамикалуу мүнөзгө ээ болду.
Биз парламенттердин, өкмөттөрдүн, министрликтердин жана ведомстволордун, аймактардын башчыларынын деңгээлинде бир катар маанилүү сапарларды жана иш-чараларды өткөрдүк. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна сапары менен бир нече ирет барды. КЭР Мамкеңешинин Премьери Ли Цянь мырза Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Мындан тышкары, акыркы 10 жылда биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Кытайга расмий сапары менен барды.
Ошентип, жаңы доордо баары камтылган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүү жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө кол коюлган күндөн тарта биздин мамлекеттер аралык мамилелерибиз өсүп, жогорку динамика менен мүнөздөлгөнүн канааттануу менен белгилөөгө болот.
Биздин мамлекеттер аралык мамилелердин жогорку статусун бекемдеген иш жүзүндөгү жетишкендиктердин бири – 2024-жылдын 27-декабрында расмий түрдө башталган “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу сыяктуу маанилүү биргелешкен долбоорду ишке ашыруунун башталышы болуп саналары шексиз. Бул мегадолбоор КЭРдин урматтуу Төрагасы Си Цзиньпин мырзанын “Бир алкак, бир жол” демилгесине толук кандуу үндөш.
Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында “Бедел” үчүнчү өткөрмө пунктунун ачылышы соода-экономикалык кызматташтыкты бир кыйла активдештирет деп ишенем.
Автор Акбермет Орозалиевна
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
18.03.2025 / Автор anarkan_kg СҮЛҮКТҮ ШААРЫНДА 42 ҮЙ-БҮЛӨ ДАГЫЛЕ КООПТУУ АЙМАКТА ЖАН САКТАЙТ
-
26.03.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ МУУН – ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК!
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.