Аймак

ОШТОГУ ООРУКАНА КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮК ЖЕРГЕСИН МЕДИЦИНАЛЫК ЖАКТАН ТЕЙЛЕП КЕЛЕ ЖАТАТ

 9 Бардыгы /

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы Ош шаарында жайланышканы менен Кыргызстандын Ош жергесинин калкын медициналык жактан үзгүлтүксүз гана тейлеп келе жатат. Андыктан, бул бейтапканадан эртели-кеч адам аягы дагы таптакыр үзүлбөйт. Кабарчыбыз бул эң абройлуу ооруканага атайылап иш абдан кызыган маалда баш бакты.

Сабыр БАЙМАТОВ, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын кардиология бөлүмүнүн башчысы:

– Кыргыз мамлекеттик медицина институтун (азыркы Медициналык Академияны) 40 жыл мурун бүтүргөнмүн. Ошондон бери эле бир гана ушул ооруканада эмгектенип келе жатам. Дал ушул жайдан агарып-көгөрдүм. Эң өкүнүчтүүсү: соңку жылдарда жүрөк дартына кабылгандар ыраса көбөйүп баратат. Мындайча айтканда, оорунун бул түрү улам гана жашарып баратат десем жаңылышпаймын. Анткени, ушул дартка жаштарыбыз соңку жылдарда көбүрөөк чалдыгып атышат. Биринчиден, кыймыл-аракетибиз дээрлик азайды. Экинчиден, суук тамак-аштарды жеп-ичип алдык анан нерв системаларыбыз толук бойдон бузулду. Санитардык анитардык-гигиеналык маданиятыбыз дээрлик төмөн. Бешинчиден, ашыкча семирип жана салмак дагы күтүп олтурабыз. Эл арасында мындай жазылбаган эреже тараган. Эртен мененки тамакты өзүң ич! А түшкү тамакты досуң менен чогуу- тамактан! Ал эми кечки оокатты душманыңа бер! Бул өзү – чоң философия. Бирок, мунун мазмунунда зор маани жатат.

Сүйүн АКМАМАТОВ, бейтап, Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургуну:

– Менин 19 жылдан бери жүрөгүм гана ооруйт. А бир ирет мага операция дагы жасашты. Минтип жыл сайын эки жолу доктурга жатып турамын. Мени Сабыр Байматовтой дасыккан дарыгерлерге күн сайын текшерип, кайрадан оңдоп-түзөп жатышат. 

  Дамира КӨЧӨРОВА, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын гастрозимерология жана гепатология бөлүмүнүн улук медайымы:

– Мен адегенде Жалал-Абад шаарындагы медициналык окуу жайын буткөмүн. Кийинчерээк заман талабына жараша Батырали Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин химия-биология факультетин аяктап, билимимди ого бетер жогорулаттым. Биз жалпы эле оорукананын медайымдары абдан ынтымактуубуз. Бирибизге экинчибиз ылдыйда – жөлокпүз, а өйдөдө – өбөк ! Өз ара ой-пикир дагы алмашып, анан дагы тажрыйбабызды деле байма-бай бөлүшүп, ошондой эле арттырып дагы турабыз.

Ислам КАРИМБЕКОВ, бейтап, Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районундагы Чак айылынын жашоочусу:

– Менин диагнозум: бөйрөк дарты жана кант диабети. Бул жерде дарыгерлер сыркоолорду мээримине бөлүп, ал эми медайымдар абдан жылуу-жумшак мамиле жасашат экен.

Мариякан МУСАБЕК кызы, Ош облусуна караштуу Алай районундагы Үч-Дөбө айылынын тургуну:

– Мен Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын кеңеш берүү жана дарт аныктоо бөлүмүнө жолдошумду көрсөткөнү баш бактым. Башы ооруйт эле.  Аны дарыгерлер тыкыр текшеришип, акырында так диагноз коюшту. Эми палатага жаткырышат. Куда кааласа, тез сакайып чыгаарына мен ишенем!

          Баса, Ош облустар аралык бириккен 

клиникалык ооруканасын 2023-жылдан бери Атабек ЖУМАЛИЕВ жетектеп келет. Бейтапкана директору адегенде Бишке шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы Медициналык Академияны, ал эми кийинчерээк Ош шаарындагы ОшМУну бүтүргөн. Ош шаарындагы үй-бүлөлүк даыгерлер бөлүмүндө дарыгер-отаринолоринолог, фармацевтикалык компаниянын Түштүк аймагы боюнча менеджери, андан соң Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын дарыгер-статисти, дарыгер-эндоскопист, уюштуруу-усулдук бөлүм башчысы, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директорунун диагностикалык жактан орун басары кызматтарын аркалаган.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы 870 орундуу. Биз Ош облусунун тургундарын гана эмес, тактап айтканда, быягы Баткен, ал эми тиягы Жалал-Абад облустарынын, дээрлик Кыргызстандын Түштүк жергесинин жашоочуларын медициналык жактан жетиштүү тейлейбиз, – деди Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директору Атабек ЖУМАЛИЕВ.

– Мындан тышкары төрөт бөлүмү дагы бар. Жалпысынан буларда 320 дасыккан дагерлерибиз дарылашат. 2024-жылы дээрлик 74 032 сыркоо колубуздан сакайышты. Бул жыл сайын көбөйүүдө. Өтө кейиштүүсү : инсульт (шал) дарты дагы улам жарашып баратат. Баса, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы жүрөккө аорталык клапанды имплантациялоо боюнча уникалдуу операцияны дагы жасай баштады. Мындан тышкары башка дагы татаал делген операциялар жасалууда. Анткени, бейтапканабыз ушул тапта заманбап жана эң акыркы үлгүдөгү медициналык жабдыктар менен камсыз этилген. 

ООРУКАНА ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы (ООАБКО) – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин мамлекеттик мекемеси сыңары өлкөнүн түштүгүндө жашаган калкка жогорку квалификациялуу адистештирилген дарылоо – диагностикалык жана уюштуруу-усулдук медициналык жардамдарды көрсөтөт. Негизги максаты: стандарттуу жана инновациялык технологиялардын негизинде жогорку квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү, оорукананын тажрыйбасына жана каада-салттарына таянып, кызматкерлердин квалификациясын дайыма жогорулатуу жана жогорку кесиптик маданиятты калыптандыруу аркылуу бейтаптарды дартаныктоонун, дарылоонун, реабилитациялоонун натыйжалуулугун жана медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу. Баса, аталган оорукана 878 керебетке ылайыкташып, анын 725си чоңдор дарылануучу стационарда, ал эми 145 керебет төрөт стационарында жайланышкан.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17