Аймак

ТОКТОГУЛ РИИБге КАЙЫК ТАПШЫРЫЛДЫ

ТОКТОГУЛ  РИИБге КАЙЫК ТАПШЫРЫЛДЫ

 3 Бардыгы /

Бүгүн, 16-октябрда Президенттин Жалал–Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, район акими Урмат Самаев Токтогул РИИБ жетекчилигине “Тактика 550 Круиз” үлгүсүндөгү  кайык тапшырышты.

Маалым болгондой, милицияга “Тактика 550 Круиз” үлгүсүндөгү кайык, анын чиркегичи, кайык кыймылдаткычынан бир комплек атайын сатып алынды.  Бул Токтогул суу сактагычында күзөт жүргүзүү, коомдук коопсуздукту алдын-алуу, мыйзамсыз балык уулоого жол бербөө болуп саналат.

Кайыктын баасы 3 миллион сомдон ашат. Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсеп каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы мамлекеттик мекемеси тарабынан алып берилген.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17