Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,682 Бардыгы / “Текебаевдин бүгүнкү мыйзамы кыргызды экиге эмес, жетиге бөлө турган мыйзам экен” Өмүрбек Абдрахманов ЖоКо мүчөсү “Ар бир аймактын депутаты болот деп көрсөтүлүп атат. Бир райондон депутаттыкка татыктуу бир да адам табылбай калышы мүмкүн. Айылдын тың чыкма кыз – жигиттерин депутат кылууга туура келип калат. Парламенттин деңгээли аймактарда калып кетет” Исмаил Исаков ЖоКо мүчөсү […]
1,683 Бардыгы / “Текебаевдин бүгүнкү мыйзамы кыргызды экиге эмес, жетиге бөлө турган мыйзам экен” Өмүрбек Абдрахманов ЖоКо мүчөсү “Ар бир аймактын депутаты болот деп көрсөтүлүп атат. Бир райондон депутаттыкка татыктуу бир да адам табылбай калышы мүмкүн. Айылдын тың чыкма кыз – жигиттерин депутат кылууга туура келип калат. Парламенттин деңгээли аймактарда калып кетет” Исмаил Исаков ЖоКо мүчөсү […]
“Ата Журт” фракциясы кайсы күнү Ө. Текебаевди нокаут кылат?!
05.06.2014 / Автор Orozaly1,684 Бардыгы /
“Текебаевдин бүгүнкү мыйзамы кыргызды экиге эмес, жетиге бөлө турган мыйзам экен”
Өмүрбек Абдрахманов ЖоКо мүчөсү
“Ар бир аймактын депутаты болот деп көрсөтүлүп атат. Бир райондон депутаттыкка татыктуу бир да адам табылбай калышы мүмкүн. Айылдын тың чыкма кыз – жигиттерин депутат кылууга туура келип калат. Парламенттин деңгээли аймактарда калып кетет”
Исмаил Исаков ЖоКо мүчөсү
Жогорку Кеңештин мүчөсү Ө. Абдрахманов айткан пикир чындыкка дал келбейт. Кыргызды жетиге(облуска) бөлүү демилгеси Аскар Акаевге таандык. Бул дооматы суу кечпейт. Эртең Төө Ашуу же Ала Бел ашуулары үчүн Ө. Абдрахманов Ө. Текебаевди күнөөлөп чыкса таң калыштын кереги жок. Бул кишинин кээде жунглиден жаңы эле келген кишидей “балп” эттирип коймой өнөрү бар.
Жогорку Кеңештин дагы бир мүчөсү Исмаил Исаковдун пикири өтө эле примитивдүү. Бу киши “татыктуу адам табылбай калышы мүмкүн” деп Жогорку Кеңешти сулуулар конкурсу менен чаташтырып жаткандай. “Парламенттин деңгээли аймактарда калып кетет” дегени эмнени туюнтат?! “Парламенттин деңгээли аймактык адамдардын (кышлакылардын)деңгээлине түшүп кетет” деген ойду айткысы келип жатат окшойт чамасы. Бүгүнкү парламенттин элитасы деген эки кишинин ой жүгүртүүсүн уккандан кийин , бул парламенттин деңгээли деле “аймактарда калып кеткен турбайбы” деген пикирге келесиң. Эки депутаттын Өмүрбек Текебаевдин мыйзамындагы чийкиликтерди таап чыгып, “мынабу жерин минтип өзгөтөлү, бул жерине мобундай толуктоо киргизели” дегендин ордуна жогорудагыдай суу кечпеген сөздөрдү сүйлөп, өздөрү эч нерсе жасабай, жасаган кишиге “дубалың түз эмес экен”деп кычык сөз сөйлөшүп, аймактарда жашаган айылдыктарды теңине албай, текеберлик кылып жатышканы, калк арасында бул депутаттарга карата дурус пикир жаратпайт. Тилекке каршы, бүгүнкү парламентте Ө.Текебаевге тең келген саясатчынын жоктугу. Өмүрбек Чиркешевич жаманбы, жакшыбы закон(мыйзам) жазат, калган 119 парламент мүчөсүнүн кээ бирлери сын айтат, калгандарына баары бир. Бүгүн Ө. Текебаевге билеги күчтүү эмес, билими күчтүү оппонент керек. Илгеркилер айткан экен “Атың чыкпаса жер өрттө” деп. Азыркылар айтат: “Атың чыкпаса Текебаев менен мушташ” деп. Текебаевдин Закондору менен “мушташкан”, “жакалашкан” адамдарды парламенттен көрө элекпиз, бирок Ө. Текебаевдин өзү менен жакалашып, мушташкан депутаттарды, саясатчыларды көрүп эле келе жатабыз. Калк кайсы күнү “Ата Журт” фракциясынан бир азамат чыгып, Ө. Текебаевди интелектуалдык жагынан нокаут кылат деп күтүп жатыр. Балким Ө.Текебаевге татыктуу оппонент аймактардагы “кышлакылардан” чыгып жүрбөсүн!
Каныбек Абдыкадыров, Коомдук Конституциялык Соттун төрагасынын милдетин аткаруучу Туркия Республикасынын өкмөтүнүн экс стажеру
Автор Orozaly
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
-
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg ИШТЕБЕГЕН ЖАРАНДАРГА МЫЙЗАМСЫЗ ЭМГЕК АКЫ ТӨЛӨНГӨНДҮГҮ АНЫКТАЛДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.