

































3,298 Бардыгы / Бүгүн 1-октябрь күнү саат 11:00 до Жалал-Абад облусунун Бүргөндү айыл аймагындагы Маданият чек ара авто жол өткөрүү жайы ачылып, эки тараптуу салтанаттуу азем болду. Чек ара ачылышына Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев катышты. Алгач Кыргызстан тараптын өкүлдөрү Өзбекстанга өтүштү. Андижан облусунун акими Шухратбек Абдурахманов баш болгон жамаат ыр-бий менен жылуу тосуп алышты. […]
3,299 Бардыгы / Бүгүн 1-октябрь күнү саат 11:00 до Жалал-Абад облусунун Бүргөндү айыл аймагындагы Маданият чек ара авто жол өткөрүү жайы ачылып, эки тараптуу салтанаттуу азем болду. Чек ара ачылышына Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев катышты. Алгач Кыргызстан тараптын өкүлдөрү Өзбекстанга өтүштү. Андижан облусунун акими Шухратбек Абдурахманов баш болгон жамаат ыр-бий менен жылуу тосуп алышты. […]
3,300 Бардыгы /
Бүгүн 1-октябрь күнү саат 11:00 до Жалал-Абад облусунун Бүргөндү айыл аймагындагы Маданият чек ара авто жол өткөрүү жайы ачылып, эки тараптуу салтанаттуу азем болду.
Чек ара ачылышына Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев катышты.
Алгач Кыргызстан тараптын өкүлдөрү Өзбекстанга өтүштү.
Андижан облусунун акими Шухратбек Абдурахманов баш болгон жамаат ыр-бий менен жылуу тосуп алышты.
“20-жылдан бери күтүлгөн, тарыхта калчу күн. Бул шартты жаратып берген эки өлкөнүн президенттерине рахмат” – дейт Жалал-Абад облусунун губернатору К.Сатыбалдиев.
Кыргызстандыктар да коңшу өлкөнүн өкүлдөрүн шан-шөөкөт менен тосуп алышты.
“Бул күндү өчпөс жайларга жазып койсоңуздар болот. Кудай буюрса биз Ош аркылуу дүйнөгө чыгабыз, Маданият аркылуу башка аймактарга жол ачылат”- дейт Андижан облусунун акими Шухратбек Абдурахманов.
8 жылдан бери көрүшпөгөн бир туугандар жолугушту.
“8 жылдан бери Кыргызстандагы ата-энемдин кабырын зыярт кыла албай келгем. Азыр гана эжемдин уулун көрдүм. Аны да 8 жылдан бери көрө элек болчумун”– деди Андижандын тургуну Садыржан Темиров.
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.