Аймак

Кочкор-Ата шаарында нефтичилер кесиптик майрамын белгилешти (фото)

 3,376 Бардыгы /

Кочкор-Ата шаарында  нефтичилер  кесиптик   майрамын   белгилешти  (фото)

6-сентябрда Кочкор-Ата шаарындагы стадиондо «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун эмгек жамаатынын катышуусунда мунайчылардын кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленди. Бул иш чарага шаардын жашоочулары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева баштаган республикалык парламенттин депутаттары, шаардык жергиликтүү мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, шаардык, Ноокен райондук Кеңештердин депутаттары катышты.

Майрамдын ачылышында ишкананын башкы директору Жеңиш Жумашев сүйлөп, «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун жамааты жетишкен ийгиликтер тууралуу кеңири баяндап берди.
– Биздин ишкана Кыргызстандагы эң чоң компаниялардын бири болуп эсептелет. Бизде жалпы саны 2500 адам эмгектенишет. 2009-жылы ишкананын таза кирешеси 18 млн сомду түзгөн болсо, 2010-жылы 255 млн. сомго, 2011-жылы 334 млн. сом, 2013-жылы 455 млн сомду түздү. Башкача айтканда, ишкананын таза кирешеси акыркы 3-4 жылда 25 эсеге өстү. Быйыл да киреше көлөмү ошол деңгээлде сакталууда. Мамлекеттик бюджеттик салык, социалдык жана дивиденддик төлөмдөр 4 эсеге көбөйүп, акыркы эки жылда 1,5 млрд. сомдон ашык мамлекетке салык төлөгөн, – деди ал.
Андан ары “Кыргызнефтегаз” ААКтын башкы директору Жеңиш Жумашев ишкана өндүрүштүн кубаттулугун өндүрүү бир жыл мурда 42 жаңы техника стапы алгандыгын кабарлады. Быйыл да ишканага жаңы техника алынып жатат. Мындан сырткары чет өлкөдөн инвестицияларды тартуу боюнча да аракет жүрүп жатат. Мисалы, Кытай Эл Республикасынын «Орто Азия нефти” компаниясы адистештирилген заманбап 26 техника менен кошумча бургулоо иштерин жүргүзүп жатат.
Ишкана газ өндүрүү боюнча да көп иштерди жасоодо. Акыркы 4 жылда өндүрүлгөн газдын көлөмү 15 млн. кубдан 35млн. кубка көбөйдү. Кыска мөөнөттүн ичинде газ өндүрүүнүн көлөмүн 2 эсе көтөрүү – бул чоң жетишкендик. Өндүрүлгөн газдын эң көп бөлүгү Майлы-Суудагы “Электр Лампа” заводунун өндүрүштүк керектөөсүнө берилет. Мындан сырткары Кочкор-Ата, Жалал-Абад шаарлары да газ менен камсыз болууда. Ишкана “Газпром” ишканасы менен келишим түзүп, 2 газ аянтына лицензияларды берген. Алар быйылкы жылдан баштап чалгындоо иштерин жандандырып жатышат. Эгер бул иштер ишке ашып калса, элди газ менен камсыздоо маселеси чечиле баштайт. Ишканада быйылкы жылы да кирешенин көлөмү көбөйөт деген ишеним бар.

Андан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева чыгып сүйлөп, мунайчыларды кесиптик майрамы менен кызуу куттуктады.
– Азыркы дүйнө жүзүн экономикалык глобалдык кризис каптап турган кыйын шартта «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун эмгек жамааты акыркы 3-4 жылда өндүрүштөн алынган таза кирешени 25 эсеге өстүргөндүгүн чыныгы каармандык катары баалоо керек, – деди А. Сасыкбаева.- Ал эми учурунда талашка түшүп, коррупциялык схема менен сатылып кете жаздаган Жалал-Абаддагы нефтини кайра иштетүүчү КПК заводун өлкө президенти А.Атамбаевдин жана Кыргыз өкмөтүнүн кийлигишүүсү менен сактап калып, аны ийгиликтүү иштетип жатканыңар да зор мактоого татырлык.- деди республика парламентинин төрагасынын орун басары.
Кесиптик майрамда эмгектеги жетишкендиктер белгиленип, алдыңкыларга областтык, өкмөттүк деңгээлдеги сыйлыктар ыйгарылды. Андан соң мыкты кызматкерлер “Ардактуу ардагер” төш белгилери менен сыйланышты. Ал эми Кочкор-Ата шаарынын мэри Кубанычбек Эгембердиев нефтичилерди майрамы менен куттуктап, “Кыргызнефтегаз” ААКтын директорунун орун басары Омуралы Анарбаевге тулпар мингизди. Аны менен кошо Ноокен районунун “Ардактуу атуулу” наамы менен “КЫргызнефтегаз” ААКтын жетекчиси Ж.Жумашев сыйланып, Ноокен райондук кеңешинин төрагасы тарабынан төш белги тагылды.
Кочкор-Ата шаарынын стадионунда өткөн «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун эмгек жамаатынын катышуусундагы мунайчылардын кесиптик майрамы чоң программадагы концерт, спорттук оюн-зооктор менен уланды.






Кочкор-Ата шаарында  нефтичилер  кесиптик   майрамын   белгилешти  (фото)



Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17