Аймак

Камчыбек Ташиев: “Саясат деп койсо эле таптакыр адамгерчиликтен чыгып кеткен болбойт”

 2,085 Бардыгы /

Камчыбек Ташиев: "Саясат деп койсо эле таптакыр адамгерчиликтен чыгып кеткен болбойт"

Бакыйган партияны башкарып, аны парламентке биринчи номурда алып келди. Президенттикке ат салышты. Азыркы бийликке оппозиция болду. Ак үйгө ашып түшкөнү үчүн соттолду. Депутаттык мандатынан кол жууду. Ооба, Камчыбек Ташиев саясатта жүрүп, саясатчынын тагдыр жолуна таандык дээрлигин басып өтө алды десек туура болот. Коомчулукта Ташиевди бир тарап жактап, атургай көкжал катары баалап жиберип жатса, бир тарап аны сынды деп сынга алууда. Андыктан айтылган кептер, азыркы бийлик, ажо, өкмөт, оппозиция туурасында “Ата Журт” мекенчил саясый партиясынын төрагасы Камчыбек Кадыршаевич менен маектештик

-Камчыбек Кадыршаевич, сизди айрымдар “саясый карьерасы кыйрады” дешсе, кээ бирлери “бийлик менен сүйлөшүү жүргүзүү менен кайра саясатка аралашууга аракет жасоодо” таризинде божомол салышууда. Учурда эмне менен алек болуп жатасыз? Бул ача пикирдин кайсынысына макулсуз?

-Коомчулукта мен тууралуу кандай гана сөздөр жүргөн жок. Президенттик шайлоонун тушунда жада калса “наркобарон” да кылып коюшкан. Бирок, учурунда кандай сөздөр артымдан ээрчибесин, акыры далилсиз куру жалаа экендиги ачыкка чыгып келе жатат. Ошондуктан, азыр деле артымдан кандай кеп агызышпасын, ар кандай божомолдоп жугунду төкпөсүн, чычалабаймын. Себеби, өз убагы келгенде, анын баары калп экени чыгат. Мына менин НТС телеканалына берген маегимден кийин, анын мазмунун толук окубаган же көрбөгөндөр көзү ачыктык кылышып, “бийлик менен сүйлөшүп алып ушуга барды” дешсе, айрымдары: “Алмазбек Шаршеновичтен кечирим сурады” дешүүдө. Мен мусулман пендеси катары, өз элимден кетирген катачылыктарым үчүн кечирим сурадым. Анын ичинде бийликте тургандарга да ыңгайсыздык жараткан кезимди эске салып кеттим. Мунун эмнеси жаман? Адам болгондон кийин жасаган ишибизге баа берип жүргөн жакшы го. Ачык айтып коёюн, мен бийлик менен эч кандай сүйлөшүүгө барган жокмун. Бирөөнүн таасири менен ал кадамды жасаган эмесмин. Азыр да нукура элдик позицияны карманып турам. Мени азыртан саясаттан чийип койгондор ойлонбой койсо деле болот, себеби, алдыда дагы узак жол турат, сөзүмдү айтчу кез бар. Бийликке карата конструктивдүү оппозициялык позициямдан кайткан жокмун. Болгону, куру эле кыйкыра бербей, өзүбүздүн өлкөнүн өнүгүүсү тууралуу көз карашыбызды да айтып турсак ашыкча болбойт го…

-Сотко кайрылып, кайра ади­лет­тик издөө жолуна бараа­ры­ңыз­ды айткансыз. Бул жаатта кандай кадамдар жасалууда?

-Ооба, биз соттолгондугубузду алып салуу боюнча сотко кайрылуу чечимине келдик. Жогорку соттун чечими көп жагынан туура эмес болуп калган. Бизге өтө оор беренени коюп, жеңил жаза беришти. Логикалык жактан туура болбой калган. Кайсы бир деңгээлде катачылык кеткен. Бирок, ал катачылык эч качан “бийликти кулатуу аракетине” жатпайт. Сот ушуга окшогондорду эске алуу менен, адилет чечим чыгарып бериши керек. Кудай буюрса, биз сөзсүз шайлоого катышабыз.

-Биз парламенттик өлкө аталуу­дабыз. Парламентаризм өзүн актай алдыбы?

-Парламенттик башкаруунун жакшы жактары көп. Бирок, биз аны да кыргызчага оодарып алдык. Саясый процесстер чыныгы парламенттик башкарууну эске алып жүргөн жок. Анын натыйжасында, парламенттик институт телчиге электе, башкарууну бийликтин күчтүү бутагы өзүнө ыйгарып алды. Бул жагынан алып караганда, парламенттик башкаруу өзүн актаган жок. Азыр албетте, күчтүү президенттик башкарууга үндөгөн чакырыктар жаңырууда. Ошентсе да, биз чукул өзгөрүүдөн качышыбыз керек. Кыргызстанды улам эксперимент жасай бергенден ушул кыйын абалга кептедик. Андан көрө бар нерсени калыптандырууга, күчтөндүрүүгө аракет жасоо зарыл. Биз болгону парламентаризмдин күчтүү жактарын жакшы колдоно албай келебиз.

-Президент Алмазбек Атамбаевдин жүргүзүп жаткан саясаты, ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?

-Мен буга чейин бир чети президентке да кыйын болуп жатканын айткан элем. Айрыкча, акыркы кезде күч алган чек ара жаңжалдары, Украинадагы окуялар бизди терең ойлонтушу керек. Бул маселелерди унутуп, өз ара чукумайга кирип кетсек, баасы кымбат болуп калат. Башкача айтканда, көз карандысыздыгыбыздан ажырап калуубуз мүмкүн. Мына, Украина экиге бөлүнүп кетти, Крым Орусияга кайтарылды. Биз ушундай балакеттин кайталанбашына аракет кылуубуз керек. Буга жол берсек урпактар эч качан кечирбейт. Кызматтан өлкөнүн бүтүндүгү зарыл. Анткен менен, президенттин деле кемчиликтерине көз жумуп койгон болбойт. Ага сын айтылып турушу керек. Сын болбосо иш качан алга жылчу эле. Атамбаевдин тушунда деле эски бийлик жасаган илдеттер кайталанып жатат. Мамлекет башчысы катары президент энергетикалык кризис сыяктуу элдин үшүн алган маселелер боюнча өз көз карашын билдириш керек. Болбосо, таштын баары ага барып тие берет.

Бүгүн төңкөрүштү эч ким каалабайт. Оппозиция да, мен да каалабайм. Бирок, коомдо социалдык адилетсиздик, чындыктын чыркырашынан улам бийлик менен элдин арасында болуп көрбөгөндөй ажырым пайда болду, социалдык нааразычылык апогейине жетип баратат. Ошондуктан, бийлик элди угуш керек. Президенттин эгемендүүлүк күнүндөгү кайрылуусунда элге күйгөн жактары бар экен, аны байкадым. Бизге эл биримдиги баарынан өйдө. Эгер бийлик көзүн ачпастан, жансыз эстеликтей эл талабына көңүл бурбай катып тура берсе, жыйынтыгы кандай болору белгилүү да.

-Учурдагы өкмөттү эгемендик тарыхындагы 20дан ашуун өкмөттүн ичинен “эң чабал өкмөт” деген пикир коомчулукта айтылууда. Сиздин көз караш кандай? Буга эмне себеп болууда?

-Чабалдык кайдан келип чыгат? Эң алды ошол өкмөттө өз ишин билген адистер олтурушу керек эле. А бизде маселен, дары-дармек саткан бирөөнү энергетика министри кылып коюш бат эле. Ошол эле коалицияга кирген партиялар да муну ойлонсо болот да. Өкмөткө өз кишисин жылдырып жатканда, ал талапкер болгон министрликке адистиги, тажрыйбасы туура келген адамды түртсө болот эле. Андай болбой жатат. Иш жүзүндө азыр өкмөт көз каранды бутак болууда. Премьер-министрде укуктары жетишсиз, чечим кабыл аларда бир жагынан президентти, экинчи жагынан парламентти карап турат. Анан ушундай кырдаалда кантип өнүгүү болот? Туура, азыркы өкмөт чабал. Бирок, энергетикадагы абал, баалардын өсүшү бүгүн эле пайда болуп калган жок да. Бул кризистердин тамыры мурунку өкмөттөрдө жатат. Башкача айтканда, кеп жоопкерчиликтин жоктугунда. Ким премьер-министр болуп келбесин, эртең эч нерсеге жооп бербешин билет. Эгерде, биз башынан премьер-министрди кетирерде отчётун алганды унутпаганда, азыркыдай кырдаал болмок эмес. Бул кеп ар бир министрге да тиешелүү. Бүгүнкү өкмөттүн тагдыры белгилүү. Эртедир-кеч кетет. Бирок, жоопкерчилик тартпайт. Эч болбосо ушул өкмөттөн ошол тажрыйбаны башташ керек. Ишинде кемчилик кетирдиби, Кылмыш-Жаза кодексинде беренелер көп. Ошондо гана кийинки келгендер өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кыла башташат. Менимче, кийинкиде биз коалициялык эмес, жалпы саясый күчтөрдүн катышуусундагы эл ишениминдеги өкмөттү түзүшүбүз керек. Өкмөт курамына бештен белгилүү болуп калган үч партиянын эле адамдары кире бербестен, парламенттен тышкаркы да партияларды, оппозицияны тартуу керек. Мына ошол өкмөткө ишенип, баарын тапшырсак болот. Муну биз 2010-жылдан бери айтып келатабыз. Аны эч ким уккан жок.

-“Ата Журт” партиясы да парламенттеги башка партиялар өңдүү эле ич ара бөлүнүүчүлүктөн алыс эмес. “Ата Журттун” азыркы абалы тууралуу оюңузду айтсаңыз?

-Ушундай ич ара бөлүнүү, ажырым болуп жатканы бир жагы жакшы. Себеби, ушул кыйынчылыкты башыбыздан кечиришибиз керек болчу. Саткынчыларды, принциби жокторду алып келген бизде да күнөө бар. Ошол күнөөлөрүбүз үчүн кайсыл бир деңгээлде жазабызды тартып жатабыз. Ачыгын айтсам, фракциядагы бир топ депутаттар келаткан шайлоодо тизмебизге кирбей калышы ыктымал. Бардыгы партиянын программалык милдеттерин билет. Аны сактабагандар бар. Ошону шайлоочулар талап кылып жатат, биз шайлаганбыз, эмне ойноп атат дешип. Мындай аракети менен депутаттар өздөрүнүн жүзүн ачып алышты. Азыр партияда тазалануу, жаңылануу процесси жүрүп жатат. Андайларга эми орун жок. Анан да, бир партияны сатып кеткен адамды башкалар катарына кошкондон да чочулап калышат эмеспи. “Бир партияны сатып кеткен адам, бизди да сатып кетет” деген мыйзам ченемдүү ой болот да.

-Оппозиция менен биригип, ал жаатта лидерлик кылууга да белсенип кириштиңиз эле. Бирок, УОК (Улуттук оппозициялык кыймыл) сизди катарынан чыгарыптыр. Дегеле, бул тараптын абалы азыр кандай?

-Эгерде Улуттук оппозициялык кыймыл мени өз катарынан чыгарган болсо, бул алардын чечими, мен аны урматтайм. Анын катарында эл жүгүн көтөрүп кете ала турган мыкты саясатчылар да бар. Мен УОКтун катарынан чыкканым менен, биздин көз карашыбыз көп маселелер боюнча дал келет. Балким, аны ишке ашыруу тактикасы башка болуп калышы ыктымал. “Ата Журт” оппозициялык партия жана ошол калыбынан жаза элек. Эмнеси болсо да мен УОКко ийгилик каалайм. Мамлекетте оппозиция болушу керек. Антпесе демократиялык мамлекетке умтулуубуз бир тыйын болуп калат.

-Бийликтеги адамдар, депутаттар иштеп жүргөндө куландан соо болуп туруп эле кокус камалышса “өтө олуттуу оору менен жабыркашып”, натыйжада жоопкерчиликтен качуу же жеңилдетүү аракеттерине өтмөй күчөп барат. Сиз да түрмөдө олтуруп, бирок акыр аягына дейре тургансыз. Бирок, ошол эле сиздин партиялаш, өнөктөштөрүңүз Ахматбек Келдибеков, Нариман Түлеевдер да учурда ооруп жаткандыктарын билебиз. Ошол эле учурда муну саясый оюн дегендер да бар. Буларга карата сиз кандай ойдосуз?

-Мен дагы 9 ай абакта олтурдум. Ал жактын шарты башкача. Аны ар бир адам өзүнө жараша көтөрөт. Ошого байланыштуу, мисалы, өнөкөт оорусу бар болсо, анысы козголуп кетиши мүмкүн. Азыр мындан саясат кылгандарды түшүнбөйм. Саясатты сасык деп койсо эле таптакыр адамгерчиликтен чыгып кеткен болбойт. Адамга Кудай оору бербесин. Бирөөнү ооруп жатканы үчүн келекелеген туура эмес. Кудай буюрса, Ахмат дарыланып келгенден кийин, Кыргызстанга кайтып, өзүнүн актыгын толугу менен далилдеп берерине ишенем.

Кубаныч Зайнидинов, “Де-факто”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17