Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
2,395 Бардыгы / Мамат АЙБАЛАЕВ – Баткен облусунун туңгуч губернатору. Жердештерине Кыргыз Өкмөтү өзгөчө күңүл бөлбөсө, аймак таптакыр өнүкпөй жайдак калаарына ичи тызылдап тургандыгын жашырган жок. – Мамат мырза, амансызбы? Айрым Жогорку Кеңеш депутаттарынын Баткен облусун биротоло жоюу демилгесине кандай карап жатасыз? – Аманчылык. Бул эми Апенди кишинин демилгеси. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарында ээн калган Баткен […]
2,396 Бардыгы / Мамат АЙБАЛАЕВ – Баткен облусунун туңгуч губернатору. Жердештерине Кыргыз Өкмөтү өзгөчө күңүл бөлбөсө, аймак таптакыр өнүкпөй жайдак калаарына ичи тызылдап тургандыгын жашырган жок. – Мамат мырза, амансызбы? Айрым Жогорку Кеңеш депутаттарынын Баткен облусун биротоло жоюу демилгесине кандай карап жатасыз? – Аманчылык. Бул эми Апенди кишинин демилгеси. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарында ээн калган Баткен […]
Мамат АЙБАЛАЕВ: «Биздикилер Өзбек жана Тажик бийликтери менен теңата сүйлөшө алышпайт!»
09.09.2014 / Автор Orozaly

2,397 Бардыгы /
Мамат АЙБАЛАЕВ – Баткен облусунун туңгуч губернатору. Жердештерине Кыргыз Өкмөтү өзгөчө күңүл бөлбөсө, аймак таптакыр өнүкпөй жайдак калаарына ичи тызылдап тургандыгын жашырган жок.
– Мамат мырза, амансызбы? Айрым Жогорку Кеңеш депутаттарынын Баткен облусун биротоло жоюу демилгесине кандай карап жатасыз?
– Аманчылык. Бул эми Апенди кишинин демилгеси. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарында ээн калган Баткен жергесин өзүнчө облуска айландыруу туптуура жана эң калыс чечим болгон деп эсептеймин. Эми ушунча жылдан кийин кайрадан артка кайтууга дегеле мүмкүн эмес! Бизде андай жол дагы жок!
– Дегиңкиси, ушул талылуу маселени башка өңүттө кандайча чечкен оң?
– Баткен облусу быягынан Өзбекстан, тиягынан Тажикстан менен чектешет. Жер, суу жана чекарабыз абдан чалкеш жайланышкан. Эгерде делимитация жана демаркация маселесине эртелетип чекит койсок, түбөлүк талашыбыз түгөнөт эле. Чырдашуу дагы таптакыр азаймак. Антпесек, жаштарыбыздын басымдуулугу Баткендин келечегинен өлө катуу чоочулап, Бишкек шаарына жана Чүй бооруна тынбай көчүп кетип жатышат. Чукул арада муну тыйбасак, кийин мунун азабын куп тартабыз. Анда бармак тиштегенибиз түккө арзыбай калат, эй.
– Мамат мырза, дегеле айрым облустарды жана райондорду ирилештирүү демилгесине кандайча караар элеңиз?
– Тээ Союз кыйрагандан кийин эйфорияга азгырылып, көп облус-райондорду ирилиштерип, бири-бирине кошуп эмне таптык, ыя? Албетте, биз мындан таптакыр уткан жокпуз! Мобул коңшу мамлекеттер Өзбекстан жана Тажикстан дал ошол Совет доорундагы түзүмдөрү менен эле сонун жашап жатышпайбы. Анын үстүнө алардын губернаторлору биздин азыркы акимдер, же Өкмөттүн облустагы өкүлдөрү менен теңата сүйлөшүшпөйт. Аларды дилгир киши же жетекчи сыңары санашпайт дагы. Туура кылышат. Анан кай жактан маселе чечилет, эй. Дагы өкүнүчтүүсү: менин жеке баамымда, соңку жылдарда жер-жерлердеги бийлик органдарына иштин көзүн айттырбай билгендер эмес жалаң чөнтөктүүлөр, айрыкча бизнесмендер жетекчи болуп дайындалып жатышат. Дал ошолор бийликтин абийирин айрандай төгүп, элдин тилин таба алышпай моминтип ит болуп, борбордук бийликти дагы уят кылып жатышат, эй.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
Автор Orozaly
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg «УЛУТТУК ТАЗАЛЫК КҮНҮНӨ» КАРАТА МАССАЛЫК ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛДҮ
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
17.09.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛӨТ
-
07.10.2025 / Автор anarkan_kg КӨК-АРТ РАЙОН ЭЛЕКТР ТАРМАКТАРЫ 85 ПАЙЫЗ КҮЗ- КЫШ МЕЗГИЛИНЕ ДАЯР
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.