Аймак

ЗАМАНБАП КЕСИПКӨЙЛӨР ДАЯРДАЛАТ

ЗАМАНБАП КЕСИПКӨЙЛӨР ДАЯРДАЛАТ

 6 Бардыгы /

Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Эшполот АБДЫРАИМОВ атындагы №54-кесиптик лицейге качан баш баксаңыз, жумуш, же болбосо окуу абдан эле кызыган болот. Анткени, окутуучуларда, устаттарда жана дагы курсанттарда эч кандай тыным жок. Убакыттан уттурбай, заманбап кесиптерди ыкчам жана сапаттуу өздөштүрүү менен алек.

        Шадыман МАМАТАЛИЕВА. Ноокат районундагы Эшполот АБДЫРАИМОВ атындагы №54-кесиптик лицейдин өндүрүштүк окуу устаты:

– Мен өзү ОшТУнун дизайнер адистигин бүтүргөмүн. 19 жылдан бери дал ушул лицейде эле үзгүлтүксүз эмгектенем. Курсанттарыбыз биздин мээнетибизди актап гана атышат. Лицейибизди бүтүрүшкөндөр Орусиянын Москва шаарында, ошондой эле Бишкек калаасында, Ноокат районун Кыргыз-Ата жана Кара-Таш Айыл Өкмөттөрүндө өзүнчө цех ачышып, ийгиликтүү түрдө иштешүүдө. Кыскасы, өлкөбүздүн жеңил өнөр жайынын өйдөлөшүнө биздин дагы салымыбыз салмактуу десем таптакыр жаңылышпаймын!

        Досмамат ЖУНУСОВ, Ноокат районундагы Эшполот АБДЫРАИМОВ атындагы №54-кесиптик лицейдин устаты: – Мен дагы ОшТУну аяктагамын. Жогорку билимимдин ушул тапта куп гана пайдасы тийип жаткан чагы. Он жылдан бери электр жана газ ширетүүчүлөрүн даярдаймын. Эң башкысы: биздин бүтүрүүчүлөрүбүзгө жумуш абдан тез жана дагы опоңой табылат. Анын үстүнө булардын дагы маянасы өтө жогору.

        Мыктыбек ТАШПОЛОТ уулу, Ноокат районундагы Эшполот АБДЫРАИМОВ атындагы №54-кесиптик лицейдин курсанты:

– Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат эмеспи. Ошондуктан, мен ширетүүчүлүккөокуп жатамын. Бүтүргөндө, курулуш тармагына ыктаймын. Анткени, ушул тапта Кыргызстанда деле курулуш жараяны ыраса жанданбадыбы.

        Мамасалы КОЗУБАЕВ, Ноокат районундагы Эшполот АБДЫРАИМОВ атындагы №54-кесиптик лицейдин устаты: – Кыргызстан – мал киндиктүү мамлекет. Жан-жаныбарларсыз элестетүү дегеле мүмкүн эмес! Ошол себептүү малдардын физиономиясы, оорулары, аларга диагноз коюуну тынбай үйрөтөбүз. А түгүл эмдегенди дагы окутабыз. Уул-кыздарыбыз – курсанттарыбыз буларды илгиретпестен мээсине түйүп, эсине бекем сактап калышат. Анткени, көргөзмөлүү сабактарды жана интерактивдүү доскаларды көбүрөөк урунабыз.

Клара САПАРБАЙ        кызы, Ноокат районундагы Эшполот АБДЫРАИМОВ атындагы №54-кесиптик лицейдин курсанты: – Тигүүчүлүк – заманбап кесип.Буга үйрөнсөм, үйүмдө эле цех ачып, тынымсыз иштеймин. Демек, жеке ишкерлик аркылуу деле өлкөбүздүн өркүндөшүнө өз салымыбызды кошмокчумун.

        Зулайка ТАГАЕВА, Ноокат районундагы Эшполот АБДЫРАИМОВ атындагы №54-кесиптик лицейдин устаты: –

Тогуз жылдан бери тигүүчүлөрдү окутамын. Биздин лицейди бүтүрүшкөндөр эч качан жумушсуз калышпайт. Аягы Москва, быягы Бишкек шаарларында, ал эми калгандары өз үйлөрүнөн чыкпастан эле цех ачышып, тиричилигине тың.

        Ноокат районундагы легендарлуу Эшполот АБДЫРАИМОВ атындагы №54-кесиптик лицейинин директору Дилбархан АРАПОВАны жумуш үстүндө дароо эле кепке тарттык.

– 35 жылдан бери ушул лицейде гана үзгүлтүксүз эмгектенип келатамын. Бул аралыкта мыкты санаалаштарды жана дагы кесипкөй устаттарды гана арттырдым. Элет жаштарын эң эле керектүү кесиптерге окутуп-үйрөтүп жана дагы тарбиялап  келатабыз, – деди Ноокат районундагы легендарлуу Эшполот АБДЫРАИМОВ атындагы №54-кесиптик лицейинин директору Дилбархан АРАПОВА. – Биздин лицейибиздин инженердик-педагогикалык жамааты заман талабына жараша ар бир сабагыбызда инновациялык жана интерактивдүү усулдарды урунуп жатышат. Окуу жайыбыздын техникалык базасын максатында Азия Өнүктүрүү банкы, ЕвроБиримдик, МерсиКо жана ЮСАИД Эл аралык уюмдары менен тыгыз жана тынымсыз иштешүүгө бекем ыктадык.

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Эшполот АБДЫРАИМОВ атындагы №54-кесиптик лицей 1982-жылы 4-февралында Кыргыз ССР Министрлер Советинин №64-токтому менен №44-жылкы заводунун Жаңы-Базар айылындагы кесиптик-техникалык окуу жайы (КТОЖ) сыңары негизделген. Окуу имараты тардыгынан ошогездеги Тельман атындагы колхоздун башкармасы Эшполот АБДЫРАИМОВдун демилгеси аркасында Карл Маркс атындагы орто мектептин эски имаратына (азыркы жайгашкан жайына) көчүрүлгөн. Ошону үчүне лицейге  мыкты жетекчи Эшполот АБДЫРАИМОВдун ысымы ыйгарылган. Ал эми лицей ушул тапта Кыргызстанга эң керектүү квалификациялуу кадрларды гана белендөөгө бекем ыктап олтурат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ноокат району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17