Аймак

ОШТО КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН 30 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

ОШТО КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН 30 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

 6 Бардыгы /

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ош шаарындагы Батыраалы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин 30 жылдыгына арналган форумга катышты. 

Аталган мааракелик форумда Кыргыз Өкмөтүнүн мүчөсү Догдуркүл Кендирбаева Батыраалы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык жогорку окуу жайынын артыкчылыктарын жана социалдык талаптарга ылайык жогорку окуу жайдын ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрүн дагы баса белгиледи. Ошондой эле министр окуу жайдын бир нече окутуучусуна Билим берүү жана илим министрлигинин сыйлыктарын тапшырды.

Форумга Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү, республиканын ЖОЖдорунун жетекчилери, ал эми чет өлкөлүк өнөктөштөр онлайн форматтарда катышып, иш-чаранын коноктору окуу жайдын тарыхы тууралуу тасманы, факультеттердин ишмердүүлүгү тууралуу көргөзмөнү көрө алышты.

Белгилей кетчүү жагдай: Кыргыз Өкмөтүнүн 1994-жылдын 19-июлундагы №505-токтомунун негизинде Кыргыз-Өзбек жогорку технологиялык колледжи түзүлүп, ал 1997-жылы Кыргыз-Өзбек университетине айландырылган. Ушул тапта университетте 5 факультет, 3 колледж жана кесиптик лицей иштейт. Окуу жайда 12 миңге жакын студент окушат. 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17