Аймак

МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ МЭР ИШИН БАШТАДЫ

МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ МЭР ИШИН БАШТАДЫ

 9 Бардыгы /

Бүгүн 23-февралда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Манас шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына жаңы мэр Абдупата Маткаликовду тааныштырды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Манас шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына жаңы мэр Абдупата Маткаликовду тааныштырды.

МинКаб башчысы мэрдин алдында турган артыкчылыктуу милдеттерди айтып, анын ичинде шаардын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, калктын жашоо сапатын жакшыртуу, инвестиция тартуу жана социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууну белгиледи. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Манас шаарынын мэрине жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

Жаңы мэрдин кыскача өмүр жолу:

Абдупата Жороевич Маткаликов  1-январда 1964-жылы туулган.Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы. Билими жогорку, 1985–1991-жылдары Фрунзедеги политехникалык институтун аяктаган. Адистиги: инженер-механик.

Эмгек жолун 1985- 1988-жылга чейин Майлы-Суу шаарындагы Турак жай жана коммуналдык чарбада алгач жумушчу, кийин башкы механик бөлүмүндө – жүк жүктөгүч, жыйноочу цехте- жөндөөчү, андан соң 1988-1990-жылдары Ош ОПО – механик, 1990-жылдары “Миллехпром” Ош автобазасында  – карбюратор техник, 1991-1993-жылдары күйүүчү май жана майлоочу материалдарды эсепке алуу боюнча инженер, 1993-1999-жылдары Базар-Коргон автобазасында 1-автоколоннанын начальниги кызматтарын аркалаган.

2020- жылы  “Мекенчил” партиясынан парламенттин депутаттыгына талапкер, 2021-жылы “Ишеним” партиясынан парламенттин депутаттыгына талапкер болгон.

2022-жылы “МАМ” ААК Башкармалыктын төрагасынын башкы директорунун кенешчиси, 2022-жылы Ысык-Көл облусундагы Манас районунун “Асыл-Таш” пансионатынын директору кызматына которулган. 2023-жылы азыркы учурга чейин “Компания Манас Менеджмент” жабык акционердик коомунун башкы директорунун кеңешчиси болгон.

Эскерте кетсек, буга чейин Манас шаарынын мэри кызматын 2020-жылдан бери аркалап келген Эрнисбек Ормоков Президенттин тескемесине ылайык ээлеген кызматынан бошотулган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17