Аймак

Жалал-Абадда жаңгак фестивалы өттү (Фото баян)

 4,016 Бардыгы /

Жалал-Абадда жаңгак фестивалы өттү                      (Фото баян)
22-ноябрда Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында кыргыз жаңгагынын фестивалы өттү Жаңгак фестивалына областтын аймагындагы токой чарбаларынын жетекчилери менен кызматкерлери, жаңгак өскөн тоолуу айыл-кыштактардын тургундары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Алгач жаңгак фестивалынын катышуучуларын Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева куттуктады.
–Урматтуу кыргыз жаңгагынын фестивалынын катышуучулары жана кадырман коноктор, эң алгач Сиздерди кыргыз жаңгагынын фестивалы анын чыныгы мекени болгон Жалал-Абад жергесинде өтүп жаткандыгы менен чын дилимден куттуктап кетемин. Жалпысынан миңдеген гектардан ашуун аянтты ээлеген жана табигый түрүндө өскөн жаңгак токойлору, мындан сырткары 130дан ашуун бадал-дарактардын түрлөрү Кыргызстанда экендигине, болгондо дагы биздин областыбыздын аймагында экендигине сыймыктансак жарашат.
Улуу орус жазуучусу Л. Леонов жаратылыш жөнүндө мындай деп жазат: “Жаратылыш- бул биз жашап турган үй. Бул үйдү коргоо менен биринчи иретте биз өзүбүздүн үйүбүздү коргойбуз”. Ошол жаратылыш байлыктарынын ичинен адамзатка жана анын жашоосуна эң керектүү нерселеринин бири–бул токой. Токой–жердин өпкөсү, ансыз жашоо жок.
“Колдо бар алтындын баркы жок” дегендей ушундай керемет кооздукка ээ болгон жаңгак-мөмө токойлорубузга олуттуу зыяндарды келтирип алдык десем жаңылбаймын. Айрыкча жаңгак уюлун, капты алабыз деп канчалаган баалуу жаңгак токойлорун кыйып, талкалап-тоноп, олуттуу зыянга учуратып алдык. Ал эми кап болсо кылымдарды карыткан карт жангактарда гана кездешээрин эске алсак, келтирилген зыяндардын ордун толуктоо үчүн дагы кылымга тете убакыт керек болот.
Жер шарынын төрт бурчуна даңкы тараган, дүйнө элин суктандырган, “Жаратылыш мурасы” деп аталган Кыргызстандын жаңгак-мөмө токойлору бүгүнкү күндө 630,9 миң гектар аянтты ээлейт. Адам баласынын кайдыгер мамилесинен ( мал жаюу, өрт коопсуздугун сактабоо, өз алдынча токойлорду кыюу ж.б.у.с.) улам бул токойлордун санитардык абалы абдан төмөндөп, ар кандай зыянкечтер менен оорулардын көбөйүүсүнө ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Мына ушундай кыйын кырдаалдан чыгуу үчүн бардыгыбыз “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, жапа тырмак ишке киришүүбүз зарыл. Анткени жергебиздеги теңдеши жок кооз жаратылышы бизге ата-бабаларыбыздан калган аманат. Ата-бабаларыбыздан калган бул аманатты келечек муундарга так өзүндөй кылып мураска калтыруу биздин атуулдук парзыбыз жана милдетибиз.
Урматтуу жаңгак фестивалынын катышуучулары, кадырман коноктор. Табияттын өзү тарабынан тартууланган, дүйнөдө өтө сейрек кездешкен жаңгак-мөмө токойлорун көзүбүздүн карегиндей асыроо менен бирге алардын аянттарын дагы көйбөйтүп, келечек муундарыбызга мурас катары өз калыбында калтырып кетели,–деди өкүл Жумагүл Эгембердиева.
Кыргыз жаңгагы фестивалынын катышуучуларын Германия кызматташтыгы GIZ программасынын өкүлү Уте фишер айым жана ПРООН программасынын “Соодага көмөк көрсөтүү” долбоорунун өкүлү Азамат Касымов куттукташып, жаңгак фестивалынын кызыл тасмасын кесип беришти. Жаңгак фестивалынын катышуучуларына жана конокторго жаңгак менен токой мөмөлөрүнүн ар түркүн азык-түлүктөрүнүн кенен жарменкеси уюштурулду.
Жаңгак фестивалынын уюштуруучулары жана катышуучулар менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кыргыз жаңгак токойлорун сактоо жолдорун изилдеген кеңири программадагы талкууларды уюштурушту. Мындан ары жаңгак фестивалын Жалал-Абад жергесинде жыл сайын өткөрүлүп турулаары белгиленди.

Жолдошбай Осмонов, журналист

Жалал-Абадда жаңгак фестивалы өттү                      (Фото баян)
Жалал-Абадда жаңгак фестивалы өттү                      (Фото баян)
Жалал-Абадда жаңгак фестивалы өттү                      (Фото баян)
Жалал-Абадда жаңгак фестивалы өттү                      (Фото баян)

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17