Аймак

Сариев: өкмөттө темирдей тартип орнотобуз

 2,099 Бардыгы /

Сариев: өкмөттө темирдей тартип орнотобузУчурда парламенттеги коалициялык көпчүлүк өкмөт башчылыгына сунуш кылган Темир Сариев депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.
Жогорку Кеңеште депутаттар алдында премьер-министрге талапкер катары суроолорго жооп берип жатып Темир Сариев өкмөт мүчөлөрү үчүн ишемби, майрам деген күндөр болбостугун айтты.
Ал учурда өкмөттүн курамына өзгөртүү киргизгенге убакыт жок экендигин жана азыркы команда менен иштөөгө даяр экендигин айтты.
“Албетте, иштөө принциби, тартип өзгөрөт. Аткаруу жана жергиликтүү бийликте, жалпы эле өкмөттө темирдей тартип орнотмокчубуз. Өкмөт мүчөлөрү үчүн ишемби, майрам күндөрү деген болбойт. Талап катуу болот. Элдин бизден күтүп жатканы көп, аны аткарабыз деп ойлойм”, — деди Сариев.
Өкмөттүн иштөө тартибин өзгөртүүгө бел байлап жаткандыгын билдирген Сариев, өкмөт мүчөлөрүнүнүн көчмө жыйынын аймактарда, анын ичинен Ошто өткөрүүнү пландап жатканын айтты.

Булак: Sputnik Кыргызстан

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17