Аймак

Сактансаң, кудай сактайт!КЫЗЫЛЧА ЖАНА КЫЗАМЫК түбүңөргө жеткиче эмденгиле!

 12,839 Бардыгы /

Сактансаң, кудай сактайт!КЫЗЫЛЧА ЖАНА КЫЗАМЫК 	түбүңөргө жеткиче эмденгиле!Соңку тапта Кыргызстандын түштүк башкалаасында жана Ош облусунун райондорунда эпидемиологиялык кырдаал, чынында, абдан курч бойдон калууда. Ошону үчүн ушул жылдын 12-сентябрынан тарта бир жаштан жыйырма жашка чейинкилер милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүшү кажет. Бул өңүттө жергиликтүү адистер дагы калкты такай кыдырып, үзгүлтүксүз коңгуроо кагып жатышат.
– Ош обулусу боюнча кыска аралыкта 489 миң 817 киши эмделиши кажет. Ошону үчүн 430 такай иштеөөчү жана 19 мобилдүү топ түздүк. Алар ушул жылдын 12-майынан тартып жер-жерлерде үзгүлтүксүз иштешет, – дейт Ош облусунун башкы санитардык дарыгери Артык Эралиев. – Чочулабагыла! Эмдөөчү адистер бүт атайын окутулган. Шприцтер бир ирет гана колдонулат. Аларды жана дарыларды Ош шаарына коопсуз жолдор аркылуу ташып келүү жагын дээрлик чечкенбиз. Кыргызстандан башка 140 мамлекет деле ушундай сыноодон ийгиликтүү өтүптүр.
Артык Эралиев кызылча жана кызамык дарттарын сырт жактардан айылчылап келгендер, көбүнчө студенттер таратып жатышкандыгын ырастады.
Кызылча жана кызамыкка каршы колдонулуучу вакциналардан коооптонгондор дагы арабызда көп экендигин Ош шаарынын башкы санитардык дарыгери Уулкан Каратаева дагы танган жок.
– Түштүк башкалаасын дээрлик мусуландар байырлашат эмеспи. Алар үчүн эл арасында «Эмденбегиле!», «Вакцниалар бүт арам экен!» деген аңыздар таратылып, карапайым калкты дүрбөткөндөр ыраса көбөйдү. Ыя айланайын! Вакцинаны мусулмандар абдан көп жашаган Индияда гана жасашат. Ошондуктан, аны ажылык сапарга аттангандар милдеттүү түрдө алып жүрүшпөйбү, Демек, күмөн саноого эч кандай негиз жок! – деп тызылдады Уулкан Каратаева.
Баса, кызамыкка жана кызылчага каршы эмдөө үчүн Ош шаарында жүздөн ашуун атайын топ иштейт. Буга улай калк арасында дин аалымдары дагы түшүндүрүү иштерин абдан күчөтүштү.
Кызылча жана кызамыкка каршы улуттук эмдөө өнөктүгүн ийгиликтүү жүргүзүлүшү жарандардын активдүүлүгүнө жана өз ара түшүнүүчүлүк касиетине дагы абдан көз каранды. Анткени, ар кимибиздин саламатчылыгыбыз – өз колубузда. Ага кошкөңүл жана салкын мамиле жасоо ден соолугубузга кесепетин гана тийгизет.
КЫЗЫЛЧА — катуу кармама жугуштуу оору. Анда эт бат ысып, жөтөлүп, мурун бүтүп, үн каргылданат, көздүн, ооздун былжыр чели сезгенип, териге кызыл бүдүрлөр чыгат. Кызылчаны вирус козгойт. Оорулуу чүчкүргөндө, жөтөлгөндө анын шилекейи, какырыгы менен вирустар абага дароо тарап, соо адамга дагы өтө тез жугат. Кызылча менен бардык кишилер ооруйт. Ооругандарда туруктуу иммунитет пайда болот. Көбүнчө 5 жашка чейинки балдар ооруйт. 3 айга чейинки балдар демейде оорубайт, анткени ага бала кезинде ооруган эненин иммунитети берилет. Бала кезинде кызылча менен оорубаган энеден төрөлгөн балдар 3 айга чейин деле ооруп калышы ыктымал.
КЫЗАМЫК – вирустар козгоочу катуу кармама жугуштуу оору. Вирустар адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, чүчкүргөндө бөлүнүп, абаны булгайт. Оору соо адамга вирустар менен булганган абадан дем алганда жугат. Кызамык менен бардык жаштагы кишилер, айрыкча 2 — 10 жаштагы балдар ооруйт. Инкубациялык мезгили 16—21 күн
Кээде эти ысыбайт, жалпы абалы начарлабайт. Көп учурда белгиси билинбей өтөт. Адатта оору кабылдабайт. Ооруп айыккан адамда туруктуу иммунитет пайда болот. Кызамык менен кош бойлуу аялдардын оорушу өтө коркунучтуу, себеби түйүлдүккө жугушу мүмкүн. Айрыкча 3 айга чейинки кош бойлуу аялдар ооруганда көп учурда тубаса өсүү кемтиги пайда болот. Кош бойлуу аялдар акыркы айларында кызамык менен ооруса балада аз кандуулук байкалат, ички органдары жабыркайт. Мындай балдар 18 жана андан көп айга чейин вирус бөлүп чыгарып, оору жуктурат.

Сактансаң, кудай сактайт!КЫЗЫЛЧА ЖАНА КЫЗАМЫК 	түбүңөргө жеткиче эмденгиле!

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17