Аймак

ИЛИМБЕК АЛИМОВ, СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-АЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАШЧЫСЫ: “ИЙГИЛИКТЕР ДА, КЕМЧИЛИКТЕР ДА БАР”

ИЛИМБЕК АЛИМОВ, СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-АЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАШЧЫСЫ:  “ИЙГИЛИКТЕР ДА, КЕМЧИЛИКТЕР ДА БАР”

 2,766 Бардыгы /

Декабрь аяктап, жыл соңунда дээрлик бүтүндөй өлкө өзүнүн бир жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарып олтурат. Бул арада биз аймактарда аткарылып жаткан иштерге кызыгып, Сузак районунун эң эле тоолуу аймагы болгон Кара-Алма айыл өкмөтү жөнүндө кеп козгоону туура көрдүк. Аталган аймак боюнча маектешибиз Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысы Илимбек Алимов.

-Илимбек мырза, саламатсызбы? Сөз башын өтүп бара жаткан жылдын ийгиликтери менен баштабайсызбы?

-Саламатчылык. Быйыл биз көп жакшы нерселереге жетиштик десем болот. Ага себеп өлкө башчынын жарлыгы десем да жаңылышпайм. Аталган жарлыктын негизинде бир топ иштерди нугуна салып, алда канча ийгиликтерди багындырдык. Деген менен бир нерсени белгилеп өтүү кажет. Анткени биз кичинекей айыл өкмөтпүз. Чоң айыл өкмөттөргө теңеле албайбыз. Бирок ага карабай жерибиздеги таза суу көйгөйүн, ички чарбалык жолдорду, элдин социалдык көйгөйлөрүн жана түнкү жарыктандыруу иштерин жолго коюуга жетиштик.

-Жетише албай калган же болбосо аткарууга мүмкүнчүлүк болбогон да жумуштарыңыздар болсо керек?

-Өкмөттүн тапшырмасына ылайык, жыл ичинде биз бирден чакан ишкана ачышыбыз керек болучу. Ушул ишти аягына чыгара албай калдык. Себеби биз шаардан 56 чакырым алыстыкта турабыз. Мындан улам инвесторлор дээрлик биз тарапка келе беришпейт. Буйруса алдыңкы жылдары көп маселе, курулуш, ишканаларды жолго коёбуз деген аракеттебиз.

-Өкмөттүн талабын аткарбай калсаңыздар, өзүңүздөрдүн жыл башындагы пландарыңыздарды толук аткарып бүтсөңүздөр керек?

-Жыл башында Сузак мамлекеттик администрациясы менен биргеликте план иштеп чыкканбыз. Аны дээрлик аткарып бүттүк десем болот. Андагы планда көрсөтүлгөндөй жыл ичинде биз таза суу маселесинин үстүндө иштеп, 5 чакырым жерге түтүктөрдү орнотуп,  булактан элге ичүүчү суу алып келип бердик. Ошол эле учурда калкты электр энергия менен камсыздоо максатында Беш-Жаңгак участкасына 19 даана, Орозок участкасына 11 даана электр мамычасы орнотулду.

Андан сырткары спорт, улуттук оюндар жана жаштарды колдоо багытында дагы бир топ иштер аткарылды. Эми баары эле сонун дегенден алысмын. Кемчиликтерибизди да айтып өтпөсөм болбойт. Тактап айтканда ушул жылы 50 орундуу заманбап бала бакчанын курулушун бүтүрөбүз деген элек. Тилекке каршы жетишпей калдык.

-Жогоруда таза суу маселесин көп айттыңыз. Кара-Алма өзү тоолуу жер. Ичүүчү суудан көйгөй жоктур?

-Ооба. Туура айтасыз. Бизде ичүүчү суудан көйгөй болбошу керек. Азыркы тапта таза суу ар бир үйгө жеткирилген. Бирок суу башын тазалоо, оңдоп-түзөө жана бетондоо иштери калган. Бул жумуштарды 2019-жылы толугу менен бүтүрөбүз деген максатта турабыз.

-Буга чейин Кара-Алма айылындагы бала-бакчада жылытуу системасы көйгөй болчу? Азыр кандай?

-Туура. Буга чейин бакчада ар бир бөлмөгө от жагылып, бакчанын ичин кээде түтүн каптачу. Учурда заманбап откана куруп, мурунку көйгөйдү жолго койгонбуз. Ага жалпы 200 миң сомго жакын акча каражаты сарпталды.

-Кара-Алмада бир мектептин курулушу 5 жылдан бери бүтпөй жатат. Бүтмөк түгүл пайдубалы көтөрүлүп бүтө элек. Эмнеге?

-Чынында Т.Кубатбеков мектебинин курулушу 2013-жылдын ноябрь айында башталып, жалпы сметасы 116 млн. сом болгон. Тендерден “АлексСтрой” жоопкерчилиги чектелген коому утуп алып, курулушту баштаган. Бирок кандайдыр бир себептер менен курулушу бүтпөй келет. Бүгүнкү күнгө чейин курулушуна 38 млн. сом акча каражаты сарпталды. Утуп алган фирма болсо жакшы иш алып барбай ушундай абалда турабыз. Калган курулушуна дагы 70 млн. сом каражат керектелет. Бул курулушту мен түздөн-түз көзөмөлдөөмө күчүм жетпейт. Антсе да Жалал-Абад курулуш башкармалыгына кайрылгам. 2017-жылы элдин атынан примьер-министрге да кат жолдогонбуз. Жооп келген, тыянак жок.  Массалык маалымат каражаттарынан деле тынымсыз чыгып жатабыз. Бирок үнүбүз эч жерге жетпей жатат. Ошону үчүн курулушу бүткөн жок. Качан бүтүшү да белгисиз. Бизди ким, качан угаарын да билбейбиз.

-Үнүңүздү угаар өкмөт да чыгып калар. Жакшы тилек менен жаңы жыл алдында жакшы каалоолоруңузду айтууга мүмкүнчүлүк берели?

-Рахмат. Урматтуу Кара-Алма айыл өкмөтүнүн тургундары, мына биз жылды аяктап, жаңы-жыл алдында турабыз. Өтүп бараткан жылыбыз деле жаман жылдардан болгон жок. Жакшы ийгиликтерге жетиштик, алгылыктуу иштерди аткара алдык, кемчиликтер да болбой койгон жок. Ошентсе да тоскоолдуктарга карабастан алдыга жылып жаттык. Бул ийгиликтер жеке менин эмес, Сиздер менен жараткан ийгиликтер.  Алдыдагы жылда да алгылыктуу иштерди аткарабыз, буйруса. Жаңы жетишкендиктерди жаратабыз. Келе жаткан жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. 2019-жыл жакшылыктардын жылы болсун!

Аны менен катар алдыдагы пландарды да козгой кетейин. Жогоруда айткан элүү орундуу бала-бакчаны жергиликтүү бюджеттин эсебинен бүтүрүү керек. Багыш ага негизги мектебине китепкана куруу, Сай участкасына өтүүчү айылга ӨКМ менен биргеликте көпүрөнү оңдоп-түзөө, Алтынбек  Азимбаев көчөсүнө түнкү жарыктандыруу системасын орнотуу, борбордук бала бакчаны капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүбүз зарыл.

-Жаңы келе жаткан жыл Сиздердин аймак үчүн жемиштүү жылдардан болсун. Маегиңиз үчүн рахмат!

Маектешкен: Санрабия Сатыбалдиева, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17