Аймак

БИЛИМНУР БАТЫРБЕКОВА, аспирант: “МЕН ЖАШООНУ ЧИЙҮҮ САБАГЫНА ОКШОШТУРАМ”

БИЛИМНУР БАТЫРБЕКОВА, аспирант: “МЕН ЖАШООНУ ЧИЙҮҮ САБАГЫНА ОКШОШТУРАМ”

 3,851 Бардыгы /

Учурда илимдин чордону аталган өнүккөн өлкөдөн билим алууну эңсеген жаштар күн санап өсүүдө. Мурда байлардын балдары гана чет өлкөдөн окуйт деген түшүнүк бар болсо, азыр такыр башка. Интернет менен технологиянын заманында буга жол ачык, ондогон, балким жүздөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, талыкпаган аракети менен Кытай Эл Республикасында окуп жаткан каарманыбыздын тажрыйбасын гезит бетинен сунуштайбыз…

Блиц инфо:

Аты-жөнү: Батырбекова Билимнур Батырбековна

Туулган күнү, айы, жылы: 01.06.1994-жыл

Туулган жери: Жалал-Абад облусу, Сузак району, Жашасын айылы

Үй-бүлөлүк абалы: бойдок

Эң көп колдонгон сөзү: “Кудайга шүгүр”.

Учурда Кытайдын Урумчи шаарындагы Синьцзян университетинде Эл аралык саясат адистигинде аспирантурада окуп жатат.

МЕКТЕПТЕ ЖАЛАҢ БЕШКЕ ОКУГАМ

Мен мугалимдин үй-бүлөсүндө туулганмын. Атам- Батырбек Орунбаев, апам – Рабия Айтбаева кесиби боюнча экөө тең мугалим. Төрт бир туугандын үчүнчүсүмүн. Бала-бакчадан баштап мектепти бүткөнчө эле айылдын даамын татып чоңойгон кызмын.

Мектепте кудайга шүгүр жалаң гана “5” деген баага окудум. Өзгөчө мага биология, черчения, сүрөт жана информатика предметтери аябай жакчу. Чийүү предметинде ар бир чиймени аябай кылдаттык менен гана чиесин, мен жашоону деле чийүү сабагына окшоштурам. Анткени ар бир баскан кадамыңды кылдаттык менен баспасаң, анда сенин чиймең кыйшык болуп калгандай эле турмушуң да тайкы болуп калышында шек жок. Андыктан дайым туура жана кылдаттык менен чийгенге аракет жасайт элем. Сүрөт сабагы да аябай жагат. Бул сабакты болгону жумасына бир жолу өтсөк да, мен ар дайым күтүп ырахаттануу менен тартчумун. Анткени сүрөт тартуу бул искусство, жан дүйнөңдө эмне болсо, ал нерсени тарткан сүрөтүң аркылуу башкаларга да тартуулай алышың мүмкүн. Ошондой эле жашооңду кандай элестетсең, ал нерселер орундалгыча, жок дегенде сүрөткө түшүрүп, аны көрүп өзүңө кубаныч тартуулай аласың.

«АЗЕМ» БИЙ ТОБУН ЭЛГЕ ТААНЫТКАН БИЗ БОЛДУК

Кесип тандоодо кыйналганым жок, себеби мектепте 9-класста окуп жүргөндө эле кайсы кесипке тапшырышыма чечим чыгарганмын. Ошол кезден тартып эле келечекте мыкты дипломат болсом деп кыялданчумун. Мектепти бүтүргөн соң үй-бүлөлүк шартка байланыштуу ЖАМУда окудум. ЖАМУда окуп жүргөндө бир аз чыгармачылыкка аралашып калдым. Анткени бий бул менин хоббим. Негизи жаш кезимден эле аябай кызыкчумун. Студент болгонумда Зоя Осмонова эжекебиз жетектеген ЖАМУнун «Сайма» бийчилер тобуна кошулам деп максат койгом. Тилегим орундалып «Сайма» эмес, «Азем» бийчилер тобун түзүп, бийлеп калдым. Бул бий топту жакын эжелерим жана курбуларымдын салымы менен түзгөнбүз. «Азем» бий тобу деп бизге чейин эле түптөлгөн. Бирок топту жетектеп, эл алдына алып чыгып, элге тааныткан биз болдук.

КААЛОО КҮЧТҮҮ, МАКСАТ АНЫК БОЛСО, БААРЫ БОЛОТ

ЖАМУдан Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн аймак таануу адистигин бүтүргөнмүн. Эгерде сенде каалоо күчтүү, максатың анык болсо, анда аракет кылсан баары болот. Студент кезимде аракет кылдым жана жетише алдым.

Менин биринчи жолку Кытайга болгон сапарым 2012-жыл болду. Биз окуу жайдан кытай тилинен HSK деген экзамен тапшырдык. Эгер сен 1-деңгээлден өтсөң, Кытайга 1 айлык жайкы лагерге, ал эми 2-деңгээлден өтсөң, жарым жылдык окууга өтмөксүң. Мен 2-деңгээлден өтүп, Кытайдын Хенань провинциясынын Кайфынг шаарына жарым жылга бюджеттик негизде окуп келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум, тактап айтканда университет аркылуу келдим. Университетке келгенде эң биринчи эле өзгөчөлүк – эркиндик деп айта алам. Анткени сени «оку» деген эч ким жок. Мектепте мугалим окуучунун артынан кууп жүрүп окутса, университетте өзүң мугалимди кууп жүрүп окуйсун. Андан кийин эле чөйрө деп эсептейм. Мектепте болгону бир айылдын гана балдары окушса, университетте өлкөнүн булуң бурчунан, ар кайсы аймактардан келип окушат. Алар менен тил табышып, достошуу да керек.

Учурда Кытайда Эл аралык саясат тармагында билим алып жатам. Кудайга шүгүр, кыялым аткарылып жатат, буйруса аспирантурамды 2020-жылы ийгиликтүү аяктоо ниетинде турам. Бул жакка келгенден кийин да чоң кыялдар пайда болду,  алардын баарысын ишке ашышына талбай аракет кылам. Мага ушул убакытка чейин ар тараптан колдоо көрсөтүп келген ата-энеме, бир туугандарыма, ошондой эле мени окуткан ар бир мугалимиме терең ыраазычылык билдирем.

КЫТАЙДА КОШУМЧА ИШТӨӨГӨ УРУКСАТ ЖОК

Алгач келгенимде тамак-аштан бир аз кыйналганмын, бирок ага да бат эле көнүп кеттим. Бул жакта кыргыз студенттер көп элебиз. Өзүбүздүн майрамдарда чогулуп бирге белгилеп турабыз. Мындагылардын кыргыз студенттерине карата мамилеси аябай жакшы. Кыргыздарды аябай меймандос, ак көңүл,достукка бекем деп жакшы көрүп сыйлап турушат. Эч кандай басым-кысым көргөзүлбөйт, бардык чет элдик студенттерге бирдей мамиле жасашат. Бул жакта кошумча иштөөгө уруксат жок, закон күчтүү. Максаты окууга келгенден кийин бир гана окууну ойлош керек дейт.

Ал эми Кытайда билим берүү тармагына аябай жакшы көңүл бурулган. Билим алуу үчүн керектүү болгон бардык шарттары бар. Китепканадан издеген китебиңдин баарын табууга болот жана интернет булактарын да кенен колдоно аласың. Ар бир кесиптин өзүнө жараша лабораториялары бар, эрте менен теориядан алган билимиңди түштөн кийин практика жүзүндө ишке ашырасың. Билим сапаты өтө күчтүү жана коррупция деген нерсе жок, баары өз күчү менен окушат.

КЫТАЙ ЭЛИ АЯБАЙ ПАТРИОТ

Мурда менден биз менен айырмасы кандай экен деп сурашса, толтура нерселерди айта берчүмүн. Азыр андай ойлорумдан алысмын. Албетте баарыбыз эле  Кытайды өнүккөн өлкө деп айтабыз. Менин жеке көз карашым боюнча эң чоң айырмачылык, кытай эли аябай патриот жана биримдиктүү калкы менен башка элдерден айырмаланып турат. Ал эми Кытай мамлекети башкалардан өтө тез өнүгүп келе жаткан күчтүү экономикасы жана саясаты, темирден бекем закону менен өзгөчөлөнүп турат. Өлкөдө качан гана  биримдик, ынтымак, тең укуктуулук, саясат бир калыпта болгондо гана ал жерде өнүгүү пайда болот.

КЫРГЫЗЫМДЫН ЖИГИТИНЕ ЖЕТПЕЙТ…

Кытай жигитин сүйүп калсаңыз эмне кылмаксыз деген суроону чынын айтсам аябай көп беришет. Кытай жигити асмандагы айды алып берсе да, кыргызымдын тоодон кызгалдак терип берген жигитине жетпейт деп айткым келет.

 

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, «Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17