Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
876 Бардыгы / Акыркы эки айдан бери өлкөдө Кытайга каршы маанай күч алды. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-кытай мамилесин бузгусу келген күчтөр жазаланарын эскертти. 2018-жылдын декабрь айынан тарта өлкөдө эки жолу мыйзамсыз жүргөн кытай жарандарын чыгарууну талап кылган митинг өттү. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-кытай алакасындагы соңку жагдай боюнча 9-январда, Чүй облусунун Сокулук районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда […]
877 Бардыгы / Акыркы эки айдан бери өлкөдө Кытайга каршы маанай күч алды. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-кытай мамилесин бузгусу келген күчтөр жазаланарын эскертти. 2018-жылдын декабрь айынан тарта өлкөдө эки жолу мыйзамсыз жүргөн кытай жарандарын чыгарууну талап кылган митинг өттү. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-кытай алакасындагы соңку жагдай боюнча 9-январда, Чүй облусунун Сокулук районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда […]
ӨЛКӨ БИЙЛИГИ КЫТАЙГА КАРШЫ МААНАЙГА КАБАТЫР
15.01.2019 / Автор aymak878 Бардыгы /
Акыркы эки айдан бери өлкөдө Кытайга каршы маанай күч алды. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-кытай мамилесин бузгусу келген күчтөр жазаланарын эскертти.
2018-жылдын декабрь айынан тарта өлкөдө эки жолу мыйзамсыз жүргөн кытай жарандарын чыгарууну талап кылган митинг өттү.
Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-кытай алакасындагы соңку жагдай боюнча 9-январда, Чүй облусунун Сокулук районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда пикирин билдирди.
- Көрүп жатасыңар, кыргыз-кытай мамилесин да саясатташтырып жатышат. Мындай болбошу керек. Кытай мамлекети – биздин коңшубуз. Ата-бабабыз «алыскы туугандан жакынкы коңшу менен жакшы бол» деп айтып кеткен. Алар бизге ошондой мамиле кылып жатышат, гранттарды берип жатышат. Насыяларды каалашынча берип жатышат. Алар берген насыяларды кандай иштетиш керек? Бул биздин мамлекеттин ички маселеси. Ал биздин аткаминерлердин, биздин мамлекеттик бийликте отургандардын маселеси. Бизге насыя берип жатканы үчүн аларга рахмат айтышыбыз керек. Бул маселе биздин көзөмөлдө. Биз кантип эле ушул маселени таштап коелу? Кирген-чыккандын баары көзөмөлдө. Иштеп жатабыз. Муну баарыбыз билебиз. Бул – ички күчтөрдүн маселени атайын саясатташтырып, мамилени бузуу аракети. Сырткы күчтөр кимдер экенин билбейм, бирок ички күчтөр кимдер экенин билем. Алар ушуну менен бир нерсе кылабыз деп ойлошпосун! Баарын жоопко тартабыз. Мамлекетте мыйзам, бийлик иштейт. Биздин корко турган эч нерсебиз жок. Урматтуу агайын-туугандар, баарына чара көрөбүз, камтама болбогула, бул маселени ордуна коебуз. Органдар иштеп жатат, иштебеген, тартип бузууга жол берген органдар жооп берет.
Бул арада биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкекте Өкмөт үйүндө журналисттерди чогултуп, Кыргызстандагы кытай жарандарына байланыштуу басма сөз жыйынын өткөрдү. Анда ар кандай такталбаган чуулгандуу маалыматтар социалдык тармактар, мессенжерлер аркылуу тарап жатканын белгиледи:
- Мына, «Вотсаптан» биздин кээ бир жарандар «17-январда Кыргызстандын ар бир жараны, митингге чыккыла» деген чакырууларды жиберип жатат. Бул жерде «эгер Кыргызстан Кытайга карызын бере албай калса, анда жерин берүүгө туура келет» деп жазышыптыр. Муну эки тараптуу келишимди окубаган, билбеген адамдар жазып жатышат. Келишимде андай деп көрсөтүлгөн эмес, андай маселе жок. Же болбосо коомдук тартипти бузуп, маселени өрчүтүп, эки өлкөнүн мамилесин бузууну көздөгөн адамдардын колунан келиши мүмкүн. Бул боюнча атайын кызмат иштеп жатат, буюрса аныктайбыз.
Өткөн жылдын этегинде «Кыргыз чоролору» уюмунун өкүлдөрү Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин алдына нааразылык акциясын уюштурган жана анда да мыйзамсыз жүргөн кытай жарандарын чыгаруу талабы коюлган. Ошондой эле алар Кытайдын Шиңжаң аймагында «тарбиялоочу лагерлерде» кармалып турган кыргыздар боюнча түшүндүрмө берилишин талап кылышкан.
Былтыр Кыргызстанга 35 миңден ашуун (35 миң 215) кытай жараны келип, 34 миң 436сы кайра чыккан. Мамлекеттик каттоо кызматында 25 миңге жакын кытай жараны каттоодо турат. Алардын 25ине өлкөдө жашоого уруксат берилген
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
13.02.2025 / Автор anarkan_kg ИСКЕ УУЛАНУУНУН АЛДЫН АЛ, ЖАКЫНЫҢДЫН ӨМҮРҮН САКТА!
-
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ ЯПОН МАДАНИЯТЫ МЕНЕН ТААНЫШУУ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ
-
-
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ШАЙЛООНУ УЮШТУРУУ БОЮНЧА ОБЛУСТУК ШТАБДЫН ОТУРУМУ ӨТТҮ
-
-
-
22.01.2025 / Автор anarkan_kg “СИТИ-ПАРК” ТУРАК ЖАЙЫНЫН КУРУЛУШУ МЫЙЗАМСЫЗ ЖҮРГҮЗҮЛГӨН
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.