Аймак

МАНАС ШААРЫНДА МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДАР ҮЧҮН ТҮЗҮЛГӨН ШАРТТАРГА МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

МАНАС ШААРЫНДА МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДАР ҮЧҮН ТҮЗҮЛГӨН ШАРТТАРГА МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

 3 Бардыгы /

Протоколдук тапшырманын негизинде Манас шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн түзүлгөн шарттардын жеткиликтүүлүгүн баалоо максатында биргелешкен мониторинг жүргүзүлдү.
Манас шаарынын мэриясын маалымат борбору билдиргендей, мониторингге Жалал-Абад региондук мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо башкармалыгынын өкүлдөрү, Манас шаардык мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмү жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коомдук бирикмесинин өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Манас шаарындагы коомдук транспорт аялдамаларында, банк мекемелеринде жана башка коомдук объектилерде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн түзүлгөн шарттар текшерилди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17