Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,760 Бардыгы / Ажылыкты уюштуруу Кыргызстанда, анын ичинде Ош шаарында деле буга дейре дайыма чоң чыр-чатак менен коштолуп, далай талаш-тартыштарды туудургандыгы жашыруун эмес. Бирок, соңку кезде бул өңүттө Он-Лайн режиминин киргизилиши зыяратчылыктагы мындай жемкорлукка биротоло чекит койду. Кабарчыбыздын ушул жана башка соболдоруна Ош шаардык Мусулмандар башкармалыгынын ажылыкты уюштуруу боюнча жооптуу адиси Жанарбек МАТИЕВ түштүк башкаалаасындагы Сулайман Тоо мечитинде […]
1,761 Бардыгы / Ажылыкты уюштуруу Кыргызстанда, анын ичинде Ош шаарында деле буга дейре дайыма чоң чыр-чатак менен коштолуп, далай талаш-тартыштарды туудургандыгы жашыруун эмес. Бирок, соңку кезде бул өңүттө Он-Лайн режиминин киргизилиши зыяратчылыктагы мындай жемкорлукка биротоло чекит койду. Кабарчыбыздын ушул жана башка соболдоруна Ош шаардык Мусулмандар башкармалыгынын ажылыкты уюштуруу боюнча жооптуу адиси Жанарбек МАТИЕВ түштүк башкаалаасындагы Сулайман Тоо мечитинде […]
ЖАНАРБЕК МАТИЕВ: “ОНЛАЙН РЕЖИМИ АЖЫЛЫКТЫ УЮШТУРУУДАГЫ ЖЕМКОРЛУККА ЧЕКИТ КОЙДУ”
17.01.2019 / Автор aymak

1,762 Бардыгы /
Ажылыкты уюштуруу Кыргызстанда, анын ичинде Ош шаарында деле буга дейре дайыма чоң чыр-чатак менен коштолуп, далай талаш-тартыштарды туудургандыгы жашыруун эмес. Бирок, соңку кезде бул өңүттө Он-Лайн режиминин киргизилиши зыяратчылыктагы мындай жемкорлукка биротоло чекит койду. Кабарчыбыздын ушул жана башка соболдоруна Ош шаардык Мусулмандар башкармалыгынын ажылыкты уюштуруу боюнча жооптуу адиси Жанарбек МАТИЕВ түштүк башкаалаасындагы Сулайман Тоо мечитинде жооп кайтарды.
– Жанарбек мырза, быйыл ажылыкка Кыргызстанга канча квота бөлүндү? Мунун канчасы Ош шаарына тийди?
– Кыргызстанга быйыл 5 миң 485орун бөлүндү. Ош шаарынын квотасы азырынча так аныктала элек. Буга дейре биздин калаабызга 350нүн тегегерегинде гана квота ажыратылып келген. Бул маселени Кыргызстан Дин башкармалыгынын алдында ар кыл адистерден куралган Ведомстволор аралык комиссия гана бир жаңсыл чечет.
– Ажылыкка аттангандарды кандай критерийлердин негизинде иргеп жатасыздар?
– Негизги критерий: зыяратчылыккка ынтызар он сегиз жаштан жогорку курактагы Кыргыз жараны гана болушу шарт! Биринчиден, чет өлкөгө баруусу үчүн Жалпы Жарандык паспорту жана Биометрикалык IDkartы дагы болушу кажет. Экинчиден, Ош шаарындагы РСК Банк аркылуу 500 доллар жана 700 сом которуп, анын квитанциясы колунда болгону оң. /чүнчүдөн, саламатчылыгынын тыңдыгын аныктаган Медициналык Корутунду дагы сөзсүз түрдө талап кылынат. Төртүнчүдөн, шарият талабына жараша аял кишинисөзсүз жанында коштоп жүрүүчү эркек шериги болуусу абзел!
– Былтыр ажылыкка кезекке туруп, бирок, кийинкиге калтырылгандарга өзү жеңилдик каралдыбы?
– Албетте! Булардын маселесин дагы Кыргызстан Дин башкармалыгынын алдында ар кыл адистерден куралган Ведомстволор аралык комиссия гана бир жаңсыл чечет. Учурда бул көйгөй абдан катуу караштырылып жатат. Мен ойлойм, бул маселе деле акыры-чоң оң жагына чечилет ко.
– Ажал айтып келбейт эмеспи. Кокус зыярат кылып жүрүп каза тапкандарды кантесиздер?
– Сауд Аравиянын мыйзамына ылайык жана шариятка жараша деле ажылык вазийпасын арткарып жүрүп каза тапкандардын сөөгү ошол жерге эле урмат-сый менен коюлат. Анан бул туурасында, албетте, тууган-уруктарына кабарланып, алардын ыраазычылыгы, мындайча айтканда, макулдугу сөзсүз түрдө алынат. Өзү Мекке-Мединада мусулман сөөгүнүнүн жерге коюлушу жакшы эмеспи.
– Ош жана Бишкек шаарларынан Меккеге зыяратчыларды эмне менен жөнөтөсүздөр?
– Ош жана Бишкек шаарларынан түптүз эле Сауд Аравиясынын Жиде жана Медина шааарларына учурабыз. Учактарды тандоо жана каттамдардын ирээти дагы Кыргызстан Дин башкармалыгынын алдында ар кыл адистерден куралган Ведомстовлор аралык комиссия тарабынан чечилет. Муну үчүн мыйзамга ылайык атайын тендер жарыяланып, уткан авикомпания гана зыяратчыларды эки жакка ташыйт.
– Ошондо бул зыярат качан башталып, анан соңуна чыгат?
– Ажылыкка зыяратчылар июль айында башталып, бүтөт. Ажылыкка учкандар тээ августа гана Мекенине кайтарылат.
– Жанарбек мырза, Кыргызстанда ажылыкты уюштуруу мурда буга дейре чоң ызы-чуулар менен коштолуп келгендиги жашырын эмес. Быйыл мындай жосунсуз жоруктарга кантип бөгөт койдуңуздар?
– Баса, акыркы беш жыл аралыгында биздин системабыздагы жемкорлукка, башка дагы мыйзамсыз жоруктарга дээрлик чекит коюлду. Анткени, зыяратчыларды каттоо Он-Лайн режиминде гана жүргүзүлөт. Аны будамайлоо, же бурмалоо дегеле мүмкүн эмес!
Алшер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
07.06.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН ЭҢ АЛЫСКЫ КОНУШТАРЫНДА КӨЧМӨ КЛИНИКА ИШКЕ КИРИШТИ
-
18.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖКККББ: КАЙДЫГЕР БОЛБОЙ, КАЙРЫМДУУ БОЛОЛУ
-
27.06.2024 / Автор anarkan_kg ОШТО ЭКИ ЖЕРДЕН ӨРТ ЧЫГЫП, ЧЕКТӨӨГӨ АЛЫНДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.