Аймак

МИЛИЦИЯГА БЕРИЛГЕН БАТИРЛЕР ТУУРА ЭМЕС БӨЛҮНГӨНДҮГҮН АРДАГЕРЛЕР АЙТЫП ЧЫГЫШТЫ

МИЛИЦИЯГА БЕРИЛГЕН БАТИРЛЕР ТУУРА ЭМЕС БӨЛҮНГӨНДҮГҮН АРДАГЕРЛЕР АЙТЫП ЧЫГЫШТЫ

 1,492 Бардыгы /

Милициянын ардагерлери Сузак РИИБдин жери муниципалдык менчикке өтүп кеткенин айтып, жерди кайрып алуу максатында топтолуп, аким менен жолугушушту.

Сузак районунда каралбай калган жерди РИИБдин кызматкерлери, милициянын ардагерлери 1996-жылдан тарта жерди тегиздеп, карап келишкен. Ал жерге теректер отургузулган. Ошентип  Сузак айылдык округунун токтомунун негизинде 2009-жылдын 3-августунда  Сузак райондук мамкаттоодон 2,67га жер аянты Сузак РИИБге мөөнөтсүз пайдалануу үчүн берилген.

Мухтар ИСМАИЛОВ, милициянын ардагери:

 “КАНЧАЛАР ТҮНҮ-КҮНҮ УШУЛ ЖЕРДИ ЖЕР КЫЛУУГА ЭМГЕК КЫЛГАН”

“Биринчиден ушул Сузак РИИБдин кызматкерлеринин мээнети, мен башында айтып кеттим, бул кандай жер эле, канчалаган акчалар кетти, канчалар түнү-күнү ушул жерди жер кылууга эмгек кылган. Таштарды төгүп, таштандыларды тазалашкан. 3000 миң түп теректи ар бир кызматкер эч кимден бир сом албай эгип чыгышкан. Бул жердин бирөөгө өткөндүгүн билген эмеспиз. Мөөнөтсүз өткөрүлүп берген жерди угушубузча  А. Хашимов деген жигит көтөрүп чыгыптыр. Кимдир бирөөлөр алып алды, теректерди кесип кетип жатышат. Бир кызматкер чыгып “эмнеге кесип баратасың” деп сурап койбойт, бул кандай болду- деген сөздү айтып жатат. Бизге азырынча ким алды, кимдин колу менен кантип өттү караңгы”.

Сузак райондук соту 1,63 га жер аянтын Сузак айыл өкмөтүнүн муниципалдык жер аянтына кирбегенине карабай туруп, 2017-жылдын 29-декабрында чечим кабыл алган. Тагыраак айтканда Сузак РИИБге караштуу 1,63 га жер аянтын доогер Сузак райондук администрациясынын пайдасына чечим кабыл алып өткөзүп берген.

Аймактагы милициянын ардагерлеринин 2018-жылдын декабрь айындагы Жалал-Абад ОИИБдин башчысына жазган билдирүүсүн эске алып, Жалал-Абад областтык сотуна кайрылышкан.

Эрмек ОМОШЕВ, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын акими:

БУЛ ЖЕРДИН ТАГДЫРЫ 2017-ЖЫЛЫ ЧЕЧИЛГЕН

“Ардагерлерди өзүм чакырдым, мага жеткен маалымат боюнча алар ушул жерди кандайдыр бир кызыкчылыгы бар адамдар алып алган деген ойдо калышкан экен. Ошондуктан мен ОИИБдин жана РИИБдин жетекчилери болуп сүйлөшүп, ардагерлер менен акылдашып алалы дедик. Бул жердин тагдыры 2017-жылы чечилген. Биз райондор аралык сотко бергенбиз. Ушул 1,63га жер убагында РИИБге берилип кеткен. Стадион салууга жер издегенде эң ыңгайлуу жер ушул жер болгондуктан райондор аралык сотуна Сузак айыл өкмөтү аркылуу кайрылып, соттун чечиминин негизинде 1,63га жерди муниципалдык айыл өкмөтүнүн балансына кайра алдык. Бир жыл болду соттун чечими күчүнө киргенине, андан кийин гана бул жерлердин мамлеккеттик актына өзгөртүүлөрдү киргизип, 1,90 га жерге түзүп койдук.  Бул жерге биз ойлогон стадион батпай калгандыктан кайра жогору жактан эки адамдын жеке менчигинен 27 сотых жерди коштурдук. Баардыгы болуп 1,90га жер болду. Ардагерлер да областтык сотко беришти, сот процесси да узун болот. Биринчи жолу ыңгайлуу варианты эгерде өз эрки менен бере турган болгондо, бир күндө мамкаттоодон каттатып, проекттерди былтыркы жылы бүтүрмөкпүз, ошондуктан булар өздөрүнүн макулдугун бербегенден кийин биздин бир эле мыйзамдуу жолубуз сот аркылуу алуу эле. Сотко берер алдында дагы бир топ юристтер менен акылдашып, РИИБге тиешелүү өздөрүнүн имаратынын айланасындагы 1,04га жерди калтырдык”.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17