Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,270 Бардыгы / Милициянын ардагерлери тарабынан пресс-конференция болуп, анда 2017-жылы берилген батирлер, мыйзамсыз ротацияланган кызматкерлер жана Сузак РИИБге тиешелүү жерлер боюнча нааразылыктарын айтылды. Кыргыз Республикасынын ИИМдин ички иштер комиссиясы (ИИК) кароосуна Жалал-Абад ОИИБдин ардагери Муктар Исмаиловдун арызы боюнча кызматтык текшерүүнү жүргүзүү тапшырылган. Ал өз арызында мыйзамсыз ротацияланган кызматкерлер, мыйзамсыз берилген батирлер жана кызматынан төмөндөтүлүп иштен алынгандар […]
1,271 Бардыгы / Милициянын ардагерлери тарабынан пресс-конференция болуп, анда 2017-жылы берилген батирлер, мыйзамсыз ротацияланган кызматкерлер жана Сузак РИИБге тиешелүү жерлер боюнча нааразылыктарын айтылды. Кыргыз Республикасынын ИИМдин ички иштер комиссиясы (ИИК) кароосуна Жалал-Абад ОИИБдин ардагери Муктар Исмаиловдун арызы боюнча кызматтык текшерүүнү жүргүзүү тапшырылган. Ал өз арызында мыйзамсыз ротацияланган кызматкерлер, мыйзамсыз берилген батирлер жана кызматынан төмөндөтүлүп иштен алынгандар […]
ТАЛАШКА ТҮШКӨН ЖЕР
18.01.2019 / Автор aymak

1,272 Бардыгы /
Милициянын ардагерлери тарабынан пресс-конференция болуп, анда 2017-жылы берилген батирлер, мыйзамсыз ротацияланган кызматкерлер жана Сузак РИИБге тиешелүү жерлер боюнча нааразылыктарын айтылды.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ички иштер комиссиясы (ИИК) кароосуна Жалал-Абад ОИИБдин ардагери Муктар Исмаиловдун арызы боюнча кызматтык текшерүүнү жүргүзүү тапшырылган.
Ал өз арызында мыйзамсыз ротацияланган кызматкерлер, мыйзамсыз берилген батирлер жана кызматынан төмөндөтүлүп иштен алынгандар тууралуу жазган. Анын сөзүндө 2017-жылдын 23-июнунда турак жай комиссиясынын курамы түзүлүп, ушул эле жылдын 14-сентябрында турак жай комиссиясынын №5 протоколу менен үй-жайын жакшыртууга документ тапшырган кызматкерлер комиссия курамынан чыгарылып, үй-жайын жакшыртууга муктаж эмес кызматкерлер комиссиянын курамына киргизилген. Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Кылыч Жолдошов ардагер М.Исмаиловду да турак жай комиссиясынын курамына бекиткен.
«Батирлерди алгандардын баары эле муктаж кызматкерлер алган дегенден алыспыз. Досторуна, туугандарына, жакындарына берилип кеткен. Көп балалуу, батирден батирге көчүп жашаган кызматкерлерге берилбей калган. Бербей коюунун жолун да таап чыгышып, үйгө муктаж адамдарды башка жакка которуп жиберишкен. Комиссия курамы 27 батир мыйзамсыз берилип кеткенин аныктап чыгып, баяндамага түшүрдүк. Аны биз ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев жана ОИИБдин башчысы Кылыч Жолдошовго даярдап беребиз. Үйлөрдүн туура эмес берилип кетишине ошол мезгилдеги ОИИБдин башчысынын күнөөсү бар», – деди М.Исмаилов.
Ал өз сөзүндө 2017-жылдын декабрь айынан бери ИИМдин мурунку министри Улан Исраиловго жана азыркы министр Кашкар Жунушалиевге ушул маселе ич ара эле чечилип калсын деген максат менен кайрылып келгендигин ырастады.
Ошондой эле ал ошол убактагы Жалал-Абад ОИИБдин жетекчисине кээ бир кызматкерлердин эч бир себепсиз жумуштан алынгандыгын, төмөндөтүлгөндүгүн жана мыйзамсыз ротациялангандыгын ардагерлер айтып чыгышканда кенебестикке алгандыгын айтып өттү.
“Ички иштер министринин өзүнүн ички буйругу менен ар бир кызматкерге 5 жылда бир жолу гана ротация болуш керек. Эгерде башкы адис болсо 2014-жылдын 24-ноябрдагы 673-токтомунун негизинде гана дайындалышы керек. Ал эми булар ал токтомго да көңүл бурбай коюшкан. А.Мамасеитов ОИИБге келип иштеп калганга чейин бир да район, шаарда иштеген эмес. Эгер жеткиликтүү кадр болгондо ушунчалык мүчүлүштүктөргө жол бербейт эле, ”-деп кошумчалады М.Исмаилов.
Эскерте кетсек, 2017-жылы 21-ноябрь күнү милиция кызматкерлерине батирлерди ошол мезгилдеги өлкө башчы Алмазбек Атамбаев тапшырган.
Роза Азимова көчөсүндө жайгашкан 5 кабаттуу 100 батирлүү үй бир жыл аралыгында курулуп бүткөн. Алардын 75и бир бөлмөлүү болсо, калган 25и эки бөлмөлүү батирлер. Курулуш иштерин жүргүзгөн “Элит Строй Сити” жоопкерчилиги чектелген коому.
Жалал-Абад ОИИБдин алдындагы турак жай комиссиясы мыйзамда келтирилген талаптарга ылайык 90 кызматкерди тандап алган.
“Аймак”
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
07.06.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН ЭҢ АЛЫСКЫ КОНУШТАРЫНДА КӨЧМӨ КЛИНИКА ИШКЕ КИРИШТИ
-
18.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖКККББ: КАЙДЫГЕР БОЛБОЙ, КАЙРЫМДУУ БОЛОЛУ
-
27.06.2024 / Автор anarkan_kg ОШТО ЭКИ ЖЕРДЕН ӨРТ ЧЫГЫП, ЧЕКТӨӨГӨ АЛЫНДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.