Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,537 Бардыгы / 14-февралда Өзбекстандын маркум президентинин Лондондо жашап жүргөн улуу небереси Ислам Каримов үй камагында жаткан апасы Гүлнара Каримованын саламаттыгы начарлап, ага медициналык жардам көрсөтүлбөй жатканын билдирди. 26 жаштагы Ислам Каримов Instagram аркылуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылып, апасынын айланасындагы абалга көңүл буруп коюусун өтүндү. «Белгисиз себептерден улам апама басым болуп, дарыгерлерди киргизбей жатышат! Тараптар […]
1,538 Бардыгы / 14-февралда Өзбекстандын маркум президентинин Лондондо жашап жүргөн улуу небереси Ислам Каримов үй камагында жаткан апасы Гүлнара Каримованын саламаттыгы начарлап, ага медициналык жардам көрсөтүлбөй жатканын билдирди. 26 жаштагы Ислам Каримов Instagram аркылуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылып, апасынын айланасындагы абалга көңүл буруп коюусун өтүндү. «Белгисиз себептерден улам апама басым болуп, дарыгерлерди киргизбей жатышат! Тараптар […]
ГҮЛНАРА КАРИМОВАНЫН УУЛУ АПАСЫНЫН САЛАМАТТЫГЫ НАЧАР ЭКЕНИН АЙТЫП, МИРЗИЁЕВДЕН ЖАРДАМ СУРАДЫ
15.02.2019 / Автор aymak

1,539 Бардыгы /
14-февралда Өзбекстандын маркум президентинин Лондондо жашап жүргөн улуу небереси Ислам Каримов үй камагында жаткан апасы Гүлнара Каримованын саламаттыгы начарлап, ага медициналык жардам көрсөтүлбөй жатканын билдирди.
26 жаштагы Ислам Каримов Instagram аркылуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылып, апасынын айланасындагы абалга көңүл буруп коюусун өтүндү.
«Белгисиз себептерден улам апама басым болуп, дарыгерлерди киргизбей жатышат! Тараптар ортосунда адвокаттарга жана Швейцария прокуратурасына гана белгилүү болгон макулдашуулар менен шарттар бар, бирок ачык аракеттер менен чагымчылдыктардан улам кимдир-бирөөгө биздин маселенин жабылышы жакпай жаткандай. Кандайдыр бир күчтөр жетекчиликти жаманатты кылууга аракет кылып жатышат. Биздин расмий мүнөздөгү кайрылууларыбыз тосмолонуп келет», — деп жазды ал.
«Кичинекей кезимден бери жакшы билген адам катары, өзүн чоң атамдын шакирти катары эсептеген президентке кайрылгым келет, карындашым экөөбүздү угуп, бул маселеге көңүл буруп коёңузчу! Ушул күндөрү карындашым апамдын жанында болууга аргасыз, анын жүрөгү ооруп жатыптыр, бирок дарыгерлер киргизилген эмес. Мен апам менен карындашымдын саламаттыгына тынчсызданып жатам», — деп жазды маркум президенттин улуу небереси.
Бирок Өзбекстандын Башкы прокуратурасы бул кайрылуудагы билдирүүлөр негизсиз экенин билдирди. «Дарыгерлердин Гүлнара Каримовага киришине эч кандай тоскоолдуктар жок. Ага эч кандай басым көрсөтүлгөн жок, уулунун айткандары негизсиз», – деп билдиришти өлкөнүн башкы көзөмөл органынан.
Былтыр декабрдын ортосунда Гүлнара Каримованын уулу Instagram баракчасына апасы өлкөнүн коомдук жашоосуна кайрадан аралашууга ниеттенип жатканын жазган.
Өзбек бийлиги Гүлнара Каримованын азыр кайда жана кандай шарттарда кармалып тургандыгы жөнүндө эч кандай маалымат бербей келет. Өткөн жылы жайында өкмөттөгү өз булактар Каримова абактан Ташкенттеги батирлеринин бирине которулганын билдирген. Анда алар Ислам Каримовдун улуу кызы үй камагында экенин айтышкан.
14-февралда бул ишти жакындан билген өзбек аткаминерлеринин бири учурда Гүлнара Каримованын сырткы дүйнө менен таптакыр байланышы жок экенин билдирген. Анын айтымында, бийлик анын швейцариялык адвокаты менен жолугушуусуна дагы уруксат бербей келет.
2017-жылы июлда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 2015-жылы августта Гүлнара Каримова Ташкент облустук соту тарабынан беш жылга эркинен ажыратылганын билдирген. Анда мындан тышкары Каримовага карата башка айыптоолор боюнча дагы тергөө иштери уланып жатканы айтылган.
www.
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДАГЫ №12 БАЛДАР БАКЧАСЫНЫН КУРУЛУШУНА СТАРТ БЕРИЛДИ
-
-
30.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДАГЫ ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЗАЙТУУ АРАКЕТТЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
-
20.05.2025 / Автор anarkan_kg ӨРТ КООПСУЗДУГУН САКТАЙЛЫ
-
12.06.2025 / Автор anarkan_kg МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ СЫЙЛАДЫ
-
17.07.2025 / Автор anarkan_kg ЭРКИН КҮРӨШ БОЮНЧА АКСЫДАН ЧЫККАН БАЛБАН
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.